Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (“Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемесине) корутундусу
Кыргыз Реслубликасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын “17” 05 №235 тескемеси менен жактырылган
“Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Реслубликасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Реслубликасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Реслубликасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
"Кыргыз Реслубликасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ч.И. Ажибаев, Ж.П. Нурбаев, Ы.Ы. Атажанов, Н.А. Ражабалиев, И.И. Матраимов, М.О. Темирбаева, К.А. Талиева, М.К. Алиев, Ө.М. Бакиров, А.А. Козуев, С.А. Айжигитов тарабынан демилгеленген "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун каран чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун (мындан ары -Мыйзамдын долбоору) 1-беренеси менен "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган:
- 2-бөлүк "тарабынан" деген сөздөн кийин "жыл сайын корректировкалоо жана каржылоо менен 5 жылдык мөөнөткө" деген сөздөр менен толуктоо;
- 3-бөлүктө "500,0 млн сом" деген сөздөр "1,5 млрд сом" деген сөздөргө алмаштыруу.
Азыркы учурда Кыргыз Реслубликасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 159 КПҮ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасы жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасы ишке ашырылууда. Аталган токтомго ылайык Программаны ишке ашыруу үч этапка бөлүнгөн: антикризистик (2021-2025-жылдар), орто мөөнөттүү (2026-2030-жылдар) жана узак мөөнөттүү (2031 -2035-жылдар). Жол картасы узак мөөнөттүү мезгилди камтыгандыктан, Программаны ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу үчүн үч жылдык пландары иштелип чыгат жана ишке ашырылат, аларда иш-чараларды ишке ашыруунун конкреттүү мөөнөттөрү каралат. Пландар Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджети жана пландык мезгили жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгарылат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чьгуу жана бекитүү боюнча "жыл сайын корректировкалоо жана каржылоо менен 5 жылдык мөөнөткө" деген сөздөр менен Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүн толуктоонун зарылдыгы жок деп эсептейбиз.
2. Сунушталган Мыйзамдын долбоору менен Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны 1,5 млрд сомдон кем эмес суммага республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жыл сайын кошумча субсидиялоо каралган.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 4-беренесинин негизинде жаңы чыгашалар боюнча милдеттенмелерди кабыл алууга же учурдагы чыгашалык милдеттенмелерди аткаруу үчүн бюджеттик чыгашаларды көбөйтүүгө бюджеттик ассигнованиелерди бөлүп берүү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга тиешелүү бюджеттик чыгашалар киргизилген шартта кезектеги финансылык жылдын башынан тартып же болбосо бюджетке кошумча түшүүлөрдүн тиешелүү булактары болгондо жана (же) бюджеттин чыгашалары боюнча айрым беренелер боюнча бюджеттик чыгашалар кыскартылганда бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин учурдагы финансылык жылда гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендигин белгилөө зарыл. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 159 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын бекитүү жөнүндө" токтомуна, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетте жыл сайын 500,0 млн сом өлчөмүндө каражат каралып турат. Учурдагы жылы каралган каражаттар Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө өткөрүп берилген. Ушуга байланыштуу, буга чейин "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгын белгилөө зарыл, ага ылайык республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү аныктапган. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашыруусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынышы мүмкүн эмес. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле бюджетке кошумча түшүүлөрдүн тиешелүү булактары аныкталган учурда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул этапта "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.01.2023 · № 3
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Баткен облусунун статусу жөнүндөЗакон · 10.09.2021 · № 113