# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 232-т (Кыргыз Республикасы тарабынан ыйгарым укуктуу операторду аныктоо жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 232-т (Кыргыз Республикасы тарабынан ыйгарым укуктуу операторду аныктоо жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 232-р
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219581>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18843/edition/1251129/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219581.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 232-т (Кыргыз Республикасы тарабынан ыйгарым укуктуу операторду аныктоо жөнүндө) тескемеси (15.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219581

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-августундагы N 489-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 15-майы № 232-т 2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууга ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук оператору – “Кыргыз Республикасынын эл аралык жол ташуучулар ассоциациясы “КР ЭАЖТА” юридикалык жактардын бирикмесине Кыргыз Республикасынын контролдоочу органдары жана ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу операторлору (органдары) менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасы тарабынан Ыйгарым укуктуу оператор аныкталгандыгы жөнүндө кабарласын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
