Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасы тарабынан ыйгарым укуктуу операторду аныктоо жөнүндө) тескемеси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 20 августа 2024 года N 489-р (О признании утратившими силу распоряжений Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-05-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-августундагы N 489-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 15-майы № 232-т 2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук оператору – “Кыргыз Республикасынын эл аралык жол ташуучулар ассоциациясы “КР ЭАЖТА” юридикалык жактардын бирикмесине Кыргыз Республикасынын контролдоочу органдары жана ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу операторлору (органдары) менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасы тарабынан Ыйгарым укуктуу оператор аныкталгандыгы жөнүндө кабарласын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.