Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 6-июлу № 161 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 146 тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 271-пунктуна ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү бул тескемени жетекчиликке жана милдеттүү түрдө аткарууга алсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын курамы
(Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 146 тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, коллегиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, коллегиянын төрагасынын биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги, коллегиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн инспектору, коллегиянын катчысы.
Коллегиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын реалдуу сектор маселелерин тескеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 6-июлундагы №…Положение · 06.07.2022 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 146 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин…Распоряжение · 29.04.2023 · № 146
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 07.05.2021 · № 134
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.