# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 151-т (2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин ортосунда ноталар менен алмашуу аркылуу киргизилген өзгөртүүлөргө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 151-т (2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин ортосунда ноталар менен алмашуу аркылуу киргизилген өзгөртүүлөргө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 151-р
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219556>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18820/edition/1244295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219556.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 151-т (2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин ортосунда ноталар менен алмашуу аркылуу киргизилген өзгөртүүлөргө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ (03.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219556

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 3-апрели № 151-т

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:

1. 2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин ортосунда ноталар менен алмашуу аркылуу киргизилген өзгөртүүлөргө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 151-т тескемеси менен жактырылган

2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин ортосунда ноталар менен алмашуу аркылуу киргизилген өзгөртүүлөргө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ 2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин ортосунда ноталар менен алмашуу аркылуу киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Меморандумга өзгөртүүлөр менен Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын кызматтык жана атайын паспортторунун ээси болгон жарандары Меморандумдун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана убактылуу болуу үчүн 90 (токсон) күнгө чейинки мөөнөткө визалык талаптардан бошотула тургандыгы каралган. Меморандумга өзгөртүүлөрдү ратификациялоо ишкердиктин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын жарандарынын Меморандумдун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет. Жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумга өзгөртүүлөрдү ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. Алмашуу нотасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен 2022-жылдын 27-апрелинде макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-майындагы № 260-т тескемеси менен жактырылган.
