Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 28-марты № 131-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 123-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Түркия Республикасынын аймагында болуп өткөн соңку жер титирөөлөрдү, ошондой эле натыйжада Кыргыз Республикасынын аймагында коркунучтуу процесстердин жана кубулуштардын активдешүүсү мүмкүн болгон, бул өз кезегинде олуттуу кыйроолорго жана адам курмандыктарына алып келүүчү дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылыштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын аймагында жогоруда аталган кайгылуу окуяларды болтурбоо жана мамлекеттик органдарды мүмкүн болуучу жер титирөөлөргө өз убагында даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) ушул тескеменин тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2024-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагындагы бийик курулуш объекттеринин жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча талаптарга шайкештигин текшерсин жана анын жыйынтыгы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 123-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке коомдук башталышта тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн жана тартылган министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде каралсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын КУРАМЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 123-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы; Маматалиев Марлен Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жооптуу катчысы. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү: кызмат орду боюнча: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн эксперти; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун инженердик сейсмология жана сейсмикалык микрорайондоштуруу лабораториясынын башчысы; Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Куруучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары; "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын начальниги; жекече (макулдашуу боюнча):
Жакышов Русланбек Шергазиевич
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Алиев Медербек Кубанычевич
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Бегалиев Улугбек Турдалиевич
-
Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору.
Эскертүү: кызмат орду боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен ошол мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык аныкталат. Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1969-VII "Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча…Постановление · 04.04.2024 · № 1969-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 123-т (2023-жылдын 15-майында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылынын аймагында болгон…Распоряжение · 02.04.2024 · № 123
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.