Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Балык чарбасын жүргүзүү үчүн «Тянь-Шань Форель» ЖЧКсына жер участогун берүү жөнүндө) тескемеси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 28 марта 2023 года № 137-р (О признании утратившим силу распоряжения Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года N 237-р)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-28.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 137-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 30-апрели № 237-т Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 92-статьясына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 85-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айыл аймагынын № 2303 (1718) контурунда жайгашкан, "Суу фондунун жерлери" категориясына кирген аянты 4,8 га жер участогу "Тянь-Шань Форель" жоопкерчилиги чектелген коомуна балык чарбасын жүргүзүү үчүн ижара шарттарында 49 жылга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жогоруда аталган жер участогуна "Тянь-Шань Форель" жоопкерчилиги чектелген коому менен ижара келишимин түзүүнү;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогоруда аталган жер участогун бузуу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү.
3. "Тянь-Шань Форель" жоопкерчилиги чектелген коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул жер участогунда тарыхый эстеликтер табылган учурда алардын сакталышын;
- балык чарбасын жүргүзүүдө экологиялык жана санитардык-ветеринардык талаптарды сактоону;
- ушул тескеменин 2-пунктуна ылайык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү;
- берилген жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 137-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 237-т тескемесин күчүн…Распоряжение · 28.03.2023 · № 137-р
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон