# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 154 ("Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 154 ("Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18798/edition/1240196/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 154 ("Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо тууралуу) тескемеси (28.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219519

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 28-марты № 154

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 776 тескемеси менен дайындалган "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кызматынан бошотулсун:

- Аттокуров Мелс Шерикбаевич, 2023-жылдын 28-февралындагы берген арызына ылайык;

- Омуркулов Азизбек Пазылбаевич, 2023-жылдын 7-мартындагы берген арызына ылайык.

2. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп дайындалсын:

- Асанов Уланбек Жалалович;

- Мадумаров Канатбек Маматович.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз чогулушун өткөрсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
