# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 662-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 662-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 662-р
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219495>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18776/edition/1252617/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219495.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 662-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (07.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219495

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси 2022-жылдын 7-декабры № 662-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планында:

- "Жооптуу аткаруучулар" графасында:

28, 29-пункттардагы "(МБА)" деген аббревиатура "(БТЖКК)" деген аббревиатурага алмаштырылсын; 84-пункттундагы "ЭМ," деген аббревиатура алып салынсын;

- пайдаланылган кыскартуулардын тизмесиндеги он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"БТЖКК - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы;".

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
