Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 87-т тескемесине)
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
I. Киришүү
Экономика жана финансы жаатындагы салттуу (батыштык), ошондой эле исламдык рыноктук принциптерге (моделдерге) таянуу менен өнүктүрүүнүн кыйла туруктуу моделин камсыз кылган экономиканын түзүмүн реформалоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 11-майындагы № 338 тескемесине ылайык Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын түзүү жана өнүктүрүү, өлкөнү исламдык экономика жана финансы боюнча региондук борбор катары алдыга жылдыруу максатында 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун (мындан ары - Концепция) иштеп чыгуу боюнча иштер башталган. Ушул Концепция 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын илгерилетүүгө көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. Концепция 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары, Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары сыяктуу башка стратегиялык документтер жана башка маанилүү стратегиялык документтер менен макулдашылган. Концепция ошондой эле жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө дем берүүгө багытталган бир катар башка кыйла кеңири демилгелерге да өз салымын кошот деп болжолдонууда. Концепцияны ишке ашыруу артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Концепцияны иштеп чыгуу - бул министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, бизнес-коомчулук жана академиялык чөйрөлөр тарабынан сунушталган ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү менен талкуулоолорду камтыган көп тараптуу иш-чара. Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу бардык кызыкдар тараптардын натыйжалуу, ырааттуу жана координацияланган ишине көз каранды. II. Ислам экономикалык платформасынын өнүгүү деңгээлинин көрүнүшүн чагылдырган экономикалык, социологиялык, статистикалык жана эксперттик маалыматтарды талдоо
2.1. Кыргызстандын экономикасынын абалы
Кыргызстандын экономикасынын абалы тоо-кен өнөр жайынын продукцияларын сатууга, эмгек мигранттарынын акча которууларына, алтын-валюта резервдеринин анча чоң эмес көлөмүндө мезгил-мезгили менен тышкы карыз алууларга көз каранды болгон саясий туруктуулукка, өлкөнүн тышкы карыздары боюнча төлөмдөрүнүн төлөнө турган эң жогорку чегине, көмүскө сектордун үлүшүнүн болушуна, кызмат көрсөтүүлөр жана соода чөйрөлөрүнүн олуттуу үлүшүнүн себеби боюнча чет өлкөлүк валютаны адалдоонун циклдүүлүгүнө, кошумча электр кубаттуулуктарынын тартыштыгына, чакан жана орто ишканаларды иштеткен жеке ишкерлерде кошумча дүң наркынын басымдуулугуна, ошондой эле импорттун экспорттон басымдуу жана темир жол транспортуна караганда автомобиль транспорту менен эл аралык ташуулардын басымдуу болушуна жараша болот.
2.1.1. ИДП
2021-жылы ИДП түзүмү төмөнкүдөй болгон:
- кызмат көрсөтүүлөр - 27,7%;
- өнөр жай - 18,3%;
- дүң жана чекене соода - 17,5%;
- айыл чарбасы - 14,7%;
- курулуш - 8,3%.
Өнөр жайдын үлүшү 2020 жана 2021-жылдарда жогорку деңгээлде сакталып калган жана ал жумуш орундары менен камсыз кылуу, ошондой эле өлкөгө экспорттон түшкөн валюталык каражаттарды тартуу аркылуу социалдык коргоо бөлүгүндө өзүнүн актуалдуулугун сактап калды. Мындай өсүш тазаланган мунай продуктуларын, резина жана пластмасса буюмдарын, башка металл эмес минералдык продуктуларды, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык иште жана башка секторлордо өндүрүштүн көлөмдөрүнүн көбөйүшү менен шартталган. Пайдалуу кендерди казып алуу секторундагы өндүрүш 2021-жылдын ортосунан баштап калыбына келүүсүн көрсөтүп, жылдын жыйынтыгы боюнча 21,2%га көбөйдү. Ошону менен бирге иштеп чыгуу өнөр жайы секторунда да өсүш байкалды. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо, өнөр жайдын экономиканын өсүшүнө оң салымы катары 12,9%га өскөндүгүн көрсөттү (2020-жылы 10,0%га төмөндөгөнү байкалган). 2021-жылы ИДПнын түзүмүндөгү өнөр жайдын салыштырма салмагы 18,3%ды түздү.
2.1.2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк түз инвестициялары (мындан ары - ЧТИ)
2022-жылдын январь-сентябрында Кыргыз Республикасына келип түшкөн чет өлкөлүк түз инвестициялар.
*1-таблица
Begin_nocompare
Бардыгы
Кирүү
Чыгуу
миң АКШ долл.
пайыздар менен
миң АКШ долл.
пайыздар менен
өткөн жылы
жыйынтыгы
өткөн жылы
жыйынтыгы
958314,9
190,3
100,0
563462,9
98,4
100,0
Баткен облусу
5184,7
1648,6
0,6
1977,6
141,2
0,3
Жалал-Абад облусу
434219,2
235,3
45,3
354223,5
528,4
62,9
Ысык-Көл облусу
1023,1
30,7
0,1
46269,3
19,6
8,2
Нарын облусу
164,6
-
0,0
13,3
102,3
0,0
Ош облусу
22866,9
141,5
2,4
991,2
388,4
0,2
Талас облусу
106541,4
236,7
11,1
9,6
0,4
0,0
Чүй облусу
137378,0
160,9
14,3
69061,5
53,1
12,3
Бишкек ш.
249451,7
149,7
26,0
90587,2
68,7
16,1
Ош ш.
1485,3
70,6
0,2
329,7
10,1
0,0
End_nocompare Маалымат булагы: КР Улуттук статистика комитети (УСК) (*Алдын ала маалыматтар) Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын экономикасына келип түшкөн ЧТИнин эң көп үлүшү Бишкек шаарына, Чүй жана Жалал-Абад облустарына (1-таблица), негизинен тоо-кен тармагындагы иштеп чыгуу өндүрүштөрүнө алынган кредиттер, ошондой эле реинвестицияланган пайда түрүндө топтолгон, ал эми алардагы өздүк капиталдын үлүшү салыштырылгыс төмөнкү үлүшкө ээ, бул республиканын экономикасына болгон тышкы жана ички инвесторлордун ишенимин чагылдырат. 2015-жылы ЧТИнин өлкөгө агымы 1991-жылдын башынан тартып максималдуу болгон жана 1573,2 млн. АКШ долл. жеткен. 2015-жылы ЧТИнин жогорку көрсөткүчтөрүн төмөнкүлөр чагылдырган:
- Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун (РКӨФ) түзүү;
- платформалык кредиттерди тартуу.
2015-жылы Кыргыз Республикасында ЧТИнин жалпы көлөмүнүн 48%ын эки долбоор түзгөн: Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун капиталдаштыруу жана "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун куруу. РКӨФдү капиталдаштыруу жана мунайды кайра иштетүүчү "Джунда" ири заводун ишке киргизүү сыяктуу долбоорлор сейрек жана чоң капиталдык салымдары бар ири долбоорлор болуп санала тургандыгын эске алуу керек, булар анча чоң эмес керектөө рыногунан жана инвестициялык климаттан улам жыл сайын эле ишке ашырыла бербейт. Көрсөтүлгөн долбоорлор ишке ашырылбаганда, 2015-жылы ЧТИнин агымы 2016-жылга караганда болгону он млн. долларга көбүрөөк болмок. Бирок жетишилген күүлөнүү төмөндөөчү трендге ээ. 2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасына ЧТИ агымынын азайышынын себеби Түркия, Кытай, Россия жана Канада сыяктуу өлкөлөрдөн келген инвестициялардын азайышында жатат. ЧТИнин негизги агымы геологиялык чалгындоо, иштетүү өндүрүшү, пайдалуу кендерди казып алуу жана курулуш чөйрөлөрүнөн көбүрөөк байкалууда. Республикада төмөнкүлөр байкоого алынууда:
- чет элдик импорттоочуларга өндүрүштүн көлөмүнүн жетишсиздигинен, коңшу мамлекеттердин баа саясатындагы атаандаштыктан улам, алардын импорттук алымдарынын ийкемдүүлүгүнөн улам өндүрүштү, продукцияларды сатууну материалдык жактан камсыз кылуудагы кыйынчылыктардын өсүп жатышы;
- көпчүлүк тармактарда иштеп жаткан техникалык жабдуулардын эскириши жана жарактан чыгуусу;
- инфляциянын жогорку темптери, ал ички инвестициялык булактарды колдонууга мүмкүндүк бербейт: амортизациялык чегерүүлөр жана пайдалар;
- чет өлкөлүк жеке инвестициялардын начар агымы, чет өлкөлүк зайымдарды кредиттерди сарамжалсыз пайдалануу;
- активдүү өнөр жай саясатын жүргүзүүдө, кайра уюштурууда, санациялоодо жана чыгашалуу, натыйжасыз ишканаларды жоюуда олуттуу артта калуулар;
- адистердин жана инженердик-техникалык кадрлардын республикадан интенсивдүү чыгып кетүүлөрүнүн уланышы.
2.1.3. Тышкы соода
Экспорт кылууда тоо-кен тармагынын продукцияларынын чоң үлүшкө ээ экендигинен улам ЧТИнин келүү динамикасына жана экспортко республиканын көз карандылыгы байкалууда. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын импорту 5570,1 млн. АКШ долл., ал эми экспорт 1658,9 млн. АКШ долл. түздү, адатта жеткирүүлөрдүн эң көп үлүшү Россия Федерациясына жана Казакстанга туура келет. Республиканын аймактары боюнча караганда 2010-жылдан тартып Талас облусу, ошондой эле 2016-жылдан тартып Жалал-Абад облусу оң соода балансына ээ, ал 2020-жылы дүйнөлүк коронавирус пандемиясынан улам бир жолу бузулган.
2.1.4. Өндүрүмдүүлүк жана эмгек акы төлөө республиканын продукцияларынын акыркы атаандаштык наркын түзөт
Кыргызстанда өндүрүмдүүлүк жай темп менен өсүүдө 1997-2007-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасы КМШга мүчө өлкөлөрдүн арасында өндүрүмдүүлүктүн өсүү темпи боюнча акыркы сапты ээлеген. Кризистик мезгилден кийин республика өндүрүмдүүлүктүн оң өсүшүн кармап турууга жетишти, бирок реалдуу эмгек акынын орточо өлчөмү өндүрүмдүүлүккө (баалуулукту түзүүгө) караганда тезирээк көбөйдү. 2008-жылдан тартып 2011-жылга чейинки аралыкта реалдуу эмгек акынын өсүшү көптөгөн өлкөлөрдө өндүрүмдүүлүктүн өсүшү менен дал келген учурда, Кыргызстанда эмгек бирдигине сарптоолордун өсүшүнөн улам алардын ортосундагы ажырым көбөйдү, нарктык атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө тоскоол болду. Жөнөкөй кураштыруу ишине көңүлдү буруудан улам өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу таасирлери чектелип калды. Өзүнүн экспорттук ишин жакшыртуу жана экспортко багытталган өндүрүштөр үчүн ЧТИ инвестициялык жактан жагымдуу өлкө катары өзүн көрсөтүү үчүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүк Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү. Ийгиликтерге жетишкен өлкөлөр иштетүү секторунун атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу жана ЧТИнин чоң көлөмүн тартуу үчүн арзан эмгекти, салыктык жеңилдиктерди жана жакшы платформалуу арзан жерлерди пайдаланышкан. Атаандаштык жөндөмү төмөн тузагына түшкөн өлкөнүн экономикасын жагымдуу жогорку атаандаштык жөндөмү бар өлкөгө алып чыгуу өлкөнүн жетекчилиги үчүн абдан татаал милдет болуп саналат. Муну менен банктык жана бюджеттик каржылоонун салттуу системасы тарыхый отуз жылдык мезгилдин аралыгында чет өлкөлүк валютанын жана технологиялардын кирүү агымына эмес, өлкөдөн валюталарды адалдоого мүмкүндүк берген иштин түрлөрүнө бурулган.
2.1.5. Республиканын банк системасынын иши: банк секторунун кредиттик портфели
2021-жылы банк сектору тарабынан кредит берүүнүн эң чоң үлүшү соода секторуна - 28,2%, айыл чарбасын каржылоо долбоорлорун Кыргыз Республикасынын бюджет линиясы боюнча субсидиялоодон улам айыл чарбасына - 18,3%, ошондой эле керектөө кредиттерин берүүгө - 12,2% жана ипотекалык кредиттерди берүүгө - 11,0% туура келген. Өнөр жайга кредит берүүнүн үлүшү - 7,6%ды түзгөн. Банк секторунун кредиттик портфелинин түзүмү жүгүртүлүшү жогору болгон акча каражаттары бар иштин жогорку маржиналдуу түрлөрү бар соода жана кызмат көрсөтүүлөр секторуна кыйла көп үлүштөр топтолгон өлкөнүн ички дүң продуктусунун түзүмүнө окшош. Соодага жана кызмат көрсөтүүгө багытталган экономика үчүн банк секторунда жана тармактарды өнүктүрүүдө түзүлгөн өз ара мамилелердин түзүмү алгылыктуу көрүнөт, бирок өз ара сиңишүүнүн мындай моделинде республикалык бюджеттин дотациялуулугунун, Эл аралык валюта фондунун миссиясынын жогорку көзөмөлдөө ролунун жана тышкы мамлекеттик карыздардын туруктуу өсүшүнүн негизги себептери жашырынып жатат.
2.1.6. Учурдагы салттуу экономиканын көнүмүшү үчүн тыянактар:
- чакан жана орто бизнестин арасында экспортко жана импортко кошкон эн чоң салымдар чакан ишканаларга таандык, ал эми орто ишканалар өнүгө элек, анын ичинде экспорттук операцияларга катышпайт;
- банк системасы жана бюджеттик каржылоо өлкө үчүн валюталык каражаттарды алып келе турган реалдуу сектордун технологиялык жана экспорттук өндүрүшүнө инвестицияларды салууга керектүү өбөлгө түзбөйт;
- кредиттик портфелдин жана өлкөнүн ИДПсынын түзүмүндө өлкөдөн валюталарды чыгарып кетүүгө мүмкүндүк берген кыйла көп үлүш кызмат көрсөтүүлөргө жана соодага таандык, ага ылайык жыйынтыгында республикалык бюджеттин жана тышкы карыз алуулардын абалына таасирин тийгизет;
- ЧТИ республиканын экономикасына ишенүү индикатору катары өздүк капиталдан эмес, тышкы кредиттик каражаттардын эсебинен түзүлөт;
- республиканын экспортунун абалына тоо-кен казуу өнөр жайынын продукцияларын экспорттоо чоң таасирин тийгизет. Бул көбүнчө технологиясыз фактордук ресурстар качан экспорттолгон учурдагы экономиканын "Голландиялык оорусунун" мүнөздөмөсү, ошондой эле экономиканын өнүгүүсүнүн фактордук баскычынын далили, ал эми транзиттик жана инновациялык өнүгүүнүн баскычтары ишке ашырылбаган бойдон калат.
2.2. Исламдык экономиканын чындыгынын тышкы чөйрөсүн талдоо, дүйнөлүк тажрыйба
Дүйнөлүк финансылык практикада ислам банкингине туура келген ислам финансылык активдеринин олуттуу үлүшү - 70%, андан кийин ислам баалуу кагаздары (сукук) - 19%, андан кийин ислам инвестициялык фонддору - 3% жана ислам камсыздандыруусу (такафул) - 2%га чейин тизмени бүтүрөт. Бул сектор болжолдор боюнча 2020-жылы болжол менен 49 миллиард АКШ долларынан баштап 2025-жылга карата 128 миллиард АКШ долларына чейин өсөт. Ислам финансылык активдери 2021-жылы 3,6 триллион АКШ долларына бааланган жана 2022-жылы алар 8,0%га өсөт жана 2025-жылы 4 жылдык орточо жылдык 7,9% өсүү темпи менен 4,9 трлн. АКШ долларына жетет деп күтүлүүдө. Өзүнчө алынган өлкөнүн масштабында исламдык экономиканын өнүгүүсүн байкоого алган жана белгилеген глобалдык индикаторго кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү исламдык экономиканын институттарынын жана механизмдеринин толук иштеши үчүн ишенимдүү экосистемаларды өнүктүрүүнү улантууда. Ошентип глобалдык индикатордун маалыматтарына ылайык алдынкы 4 позиция 2022-жылы өзгөрүүсүз бойдон калган, мында Малайзия 9 жыл катары менен бул рейтингде биринчи орунду ээлеп турат. Малайзиядан кийин Сауд Аравия Королдугу, БАЭ жана Индонезия турат. Белгилей кетчү нерсе, алдынкы 15 рейтингге Улуу Британия жана Казакстан сыяктуу өлкөлөр кирди. Түркия менен Сингапур 5 жана 7-орунга көтөрүлдү, буга чейин алар 7 жана 8-орундарды ээлешкен. Нигерия жана Шри-Ланка сыяктуу өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү өткөн жылдагыга салыштырмалуу төмөн болуп калган, бул алардын алдынкы 15тен төмөн түшүшүнө алып келген. Белгилей кетүүчү нерсе, көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө исламдык экономиканы өнүктүрүү маселеси жалпы күн тартибине киргизилген жана бүгүнкү күндө пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын негизги бөлүгү болуп эсептелет. Иш жүзүндө бул улуттук программаларды жана стратегияларды, ошондой эле исламдык экономиканын айрым секторлорун өнүктүрүүгө басым жасаган мыйзамдарды кабыл алуу түрүндө көрүнөт. Сауд Аравия Королдугу, БАЭ, Малайзия жана Нигерия сыяктуу өлкөлөр исламдык экономиканы колдоого олуттуу күч-аракеттерди жумшап жана олуттуу ресурстарды бөлүп жатышат, айрыкча адал тамактануу, ислам финансысы жана финансы технологиялары чөйрөлөрүндө бул өзгөчө байкалат. Пакистан, Катар жана Кувейт сыяктуу өлкөлөргө токтолсок, ушул өлкөлөр ислам финансылары бөлүгүндө башкарууну жогорулатуу үчүн борборлоштурулган жөнгө салууну киргизүү планын жарыялагандыгын белгилей кетүү керек. 2021-жылы жумшалган инвестициялар исламдык экономиканын ар кандай секторлорун акырындап калыбына келтире баштады. Алсак, исламдык экономикага ИМОго кирген жана ИМОго кирбеген айрым рынокторго жумшалган инвестициялар 118%га өсүп, 25,7 млрд. АКШ доллары өлчөмүнө жетти, 2020-2021-жылдарды 2019-2020-жылдарга салыштырганда инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өлчөмү 11,8 млрд. АКШ доллары суммасына жеткен. БАЭ, Индонезия жана Малайзия сыяктуу өлкөлөрдө инвестициялардын кыйла көп сандарынын тартылгандыгы белгиленген, мында БАЭнин үлүшү бардык катталган бүтүмдөрдүн 16%ын түзгөн. Исламдык экономиканын секторлору боюнча адал тамактануу жана ислам финансылары тартылган инвестициялардын жалпы наркынын тиешелүүлүгүнө жараша 15,5%ды жана 66,4%ды түздү. Постсоветтик мейкиндикте тажрыйба жүргүзүүчү мусулмандардын саны өсүп жаткандыгына жана каржылоонун ишке ашырылбаган потенциалына карабастан, каржылоонун ислам принциптери жай темптер менен ишке киргизилип жатат. Бул жерде исламдык экономика чөйрөсүндөгү кырдаал төмөнкүдөй түрдө көрүнөт: Казакстан. Казакстан Республикасы акырындык менен ислам экономикалык платформасынын негизин өлкөдө түзүп жатат. Казакстандык мыйзам чыгаруучу 2000-жылдарда эле ислам банкинги, ислам баалуу кагаздары (сукук), исламдык камсыздандыруу (такафул) жана ислам лизинги (иджара) үчүн укуктук базаны иштеп чыккан жана киргизген. Республикада эки ислам банкы - Аl Hilal жана "Заман-Банк", "Казакстан Иджара Компаниясы" жана "Аль Сакр Финанс" лизингдик компаниялар, "Такафул" өз ара камсыздандыруу компаниясы, "Нью Финанс Инвест" исламдык соода-финансы компаниясы иштейт, ошондой эле өлкөнүн аймагында "Закят" фонду өз ишин жүргүзөт. "Казакстандын өнүктүрүү банкы", "БРК-Лизинг", "Даму" ишкердикти өнүктүрүү фонду жана "КазАгроФинанс" АК сыяктуу улуттук өнүктүрүү институттары да өлкөдөгү ислам финансы рыногунун активдүү катышуучулары болуп саналат. 2020-жылы Казакстан өкмөтү "Ислам финансыларын 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн мастер планын (жол картасын)" ишке киргизген. Мындан тышкары 2018-жылдан бери өлкөдө "Астана" эл аралык финансы борбору (мындан ары - АЭФБ) иштеп келет. Исламдык каржылоо АЭФБнын стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат. 2021-жылдын акырындагы абал боюнча Казакстанда эки ислам коммерциялык банкы: "Аl Hilal" ислам банкы" АК жана "ЗаманБанк" ислам банкы" АК тарабынан берилген исламдык финансылык активдердин көлөмү өлкөдөгү бардык банктардын активдеринин 1%ынан ашпайт. Активдердин жыйындысы болжол менен 87 млрд. тенге - банк секторунун жалпы активдеринин 0,25%ын түздү. Акыркы үч жылда ислам банктарынын активдеринин орточо жылдык өсүшү 30,3%ды түзөт. Ошол эле учурда Казакстандын банк системасы боюнча орточо өсүш бул мезгил үчүн 11-12%ды түздү. Boston Consulting Group изилдөөсүнө ылайык Казакстанда исламдык финансылык активдердин потенциалдуу көлөмү 2025-жылга карата 23 млрд. АКШ долл., ал эми ислам банктарынын активдери - Казакстандын жалпы банк секторунун 10%ын түзүшү мүмкүн. Азыркы учурда Казакстанда адал индустриясын өнүктүрүү боюнча республикада "Адал" бышырылган колбаса" жалпы техникалык шарттары" КР СТ 1353-2005 жана "Адал" мейманканасынын туристтик-экскурсиялык тейлөөсү". Классификация" КР СТ 1632-2007 эки улуттук стандарты кабыл алынган. "Адал" сертификаттоо менен алектенген органдын расмий сайтындагы маалыматтарга ылайык ушул стандарттар кайра каралууга жатат. Өлкөнүн аймагында адал продукцияны сертификаттоо боюнча органдарды координациялоо үчүн мыйзамдар жок болгондуктан, каалаган ишкана өзүнүн билимине жана жөндөмүнө жараша "Адал" сертификаттоо жаатында иштей алат. Казакстандагы зекет компонентине келсек, 2011-жылы Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында Зекет департаменти түзүлгөн. Бирок бул орган үмүттү актаган эмес. 2017-жылы зекет чогултуу өлкөнүн ИДПсынын 3,05%ын түзгөн. Азыркы учурда Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында "Зекет жана кайрымдуулук" фонду иштеп жатат. Өлкөдө вакф жөнүндө мыйзамдар жок. Россия. 2015-жылы кызыкдар болгон тараптардын катышуусу менен өнөктөштүк банкинги маселелери боюнча жумушчу топ түзүлгөн жана мындан көп өтпөй Россия банкы Россия Федерациясында исламдык каржылоону өнүктүрүү боюнча эки жылдык иш-чаралардын планын ("Жол картасын") бекитти. Бул план өнөктөштүк банкингинин негизги аспектилерин: юридикалык, ченемдик, билим берүү жана башкаларды камтыйт, ошондой эле Россияда өнөктөш банк кызматтарын ишке киргизүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө багытталган иш-чараларды карайт. 2017-жылдан бери "Россия сбербанкы" ААК (мындан ары - Сбербанк) ислам банкингин өнүктүрүүгө ниеттенип жаткандыгын жана өнөктөштүк банкингин өнүктүрүүнү колдой тургандыгын бир нече жолу билдирген. Ошентип 2017-жылы Татарстанда исламдык каржылоо принциптери боюнча биринчи лизинг бүтүмү түзүлгөн. 2018-жылдын февралында Сбербанк ислам финансыларын өнүктүрүү боюнча анын долбоору жаңы импульс ала тургандыгын жана жакында Россияда "ислам терезелери" ачыларын жарыялаган. Бирок Россия исламдык экономикадан алыстап, 2017-жылдын 9-мартында Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасы Россияда ислам банктарынын толук жана мыйзамдуу иштешине мүмкүндүк берүүчү мыйзамдын долбоорун четке какты. 2022-жылдын башынан тартып батыш санкцияларынын киргизилишинин жана Россиядан чет элдик компаниялардын жапырт чыгып кетишинин шарттарында ислам банкингин ишке киргизүү пландалган. Ал шариаттын принциптерине негизделген жана аманаттарда киреше пайыздарынын болбошу божомолдонгон. Мусулман ченемдерин россия чындыгына киргизүү боюнча көп жылдык аракеттер "Өнөктөштүк каржылоо боюнча иш жөнүндө" мыйзамдын долбоорунун иштелип чыгышына алып келди. Ислам мыйзамдары боюнча банк кызматтарын кредиттик эмес атайын финансылык фирмалар - өнөктөштүк каржылоо уюмдары көрсөтөт деп божомолдонгон. Алар жеке жана юридикалык жактардан каражаттарды тартышат жана алар ислам укуктарынын ченемдерине ылайык келген долбоорлорго өнөктөштүк башталышта инвестицияланат, бул жалпысынан ишенимдүү башкарууну эске салат. Адал индустриясын өнүктүрүү маселесине келсек, Россия адал-сертификаттоонун бир нече системасын иштеп чыккан жана ишке киргизген, алар Росстандартта каттоого алынган. Россиянин муфтийлер кеңеши 2007-жылы "Адал" стандартташтыруу жана сертификаттоо эл аралык борборун (мындан ары - СжанаСЭБ) түзгөн, ал тамак-аш азыктарынын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жабдуулардын, косметикалардын жана жеке гигиена каражаттарынын, ошондой эле дары-дармектердин кеңири спектрин сертификаттоого багытталат. "Адал" СжанаСЭБдин расмий сайтындагы маалыматтар боюнча алар берген адал стандарттарына шайкештик жөнүндө сертификат россиялык өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын мусулман дүйнөсүнүн өлкөлөрүнө экспорттоого мүмкүндүк берет. Адал-сертификаттоонун башка борбору болуп Татарстан Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгына (мындан ары - ТР МДБ) караштуу "Адал" комитети саналат. 2017-жылдын декабрындагы абал боюнча ТР МДБга караштуу "Адал" стандарты боюнча комитет 140тан ашык ишкананы сертификаттаган. Исламдык экономиканын кийинки компоненти - зекет, Россияда зекеттерди чогултууга жана бөлүштүрүүгө арналган бирдиктүү фонд жок экендигин белгилей кетүү керек. Ошого карабастан Россия Федерациясынын аймагында бири-биринен көз карандысыз бир нече фонддор иштейт. Мындан тышкары чогултуу жана бөлүштүрүү боюнча ортомчу катары чыккан банктар өлкөдө бар. Атап айтканда, "Ак-Барс" жана "Сбербанк". Бардык которулган каражаттар алардын төлөм системалары аркылуу өтөт. Россияда вакф боюнча мыйзамдар жок.
2.3. Кыргыз Республикасындагы ислам экономикалык платформасынын секторлорунун учурдагы абалынын көрсөткүчтөрүн талдоо жана аларды өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрү
Кыргыз Республикасындагы исламдык экономика жөнүндө маалымдуулуктун өсүшү "ЭкоИсламикБанк" ЖАКтын ишинин, банктардагы ислам терезелеринин жана адал индустрияны өнүктүрүүгө арналган иш-чаралардын аркасында болду. Билим берүү программалары жана коммерциялык эмес коомдук уюмдар исламдык экономиканы жана укуктарды, калктын маалымдуулугун өнүктүрүүгө түрткү берди, илимий кызматкерлердин жана потенциалдуу керектөөчүлөрдүн кызыгууларын ойготту. Мында өлкөнүн экономикасынын көптөгөн чөйрөлөрүнө исламдык экономиканын принциптеринин катышуусун көбөйтүүчү потенциал бар. Кыргызстан ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү чөйрөсүндө чоң потенциалга ээ, бирок ал толук түрдө ишке ашырыла элек. Маалымдуулуктун деңгээлинин төмөндүгү жана квалификациялуу адистердин санынын аздыгы сыяктуу өнүгүүнү кармаган бир катар комплекстүү факторлор себеп болот. Бирок эл аралык ислам уюмдары (ИӨБ жана анын туунду түзүмдөрү, ар кандай исламдык фонддор жана жеке шериктештиктер), ошондой эле өнүккөн исламдык экономикалык экосистемасы бар айрым мамлекеттер (Сауд Аравиясы, Малайзия, БАЭ ж.б.) колдоо көрсөтсө, өсүү жана бул маселелерди чечүү үчүн потенциал бар. Мындай колдоо өлкөгө ислам жана адал индустриясынын талаптарына ылайык укуктук чөйрөнү жана кандайдыр бир деңгээлде экономика платформасын жакшыртууга жардам берет. Бул жааттагы адистерди окутууга жана даярдоого жардам алууга, адал продукциясын өндүрүүчүлөрдү/экспорттоочуларды колдоого жана адал сертификаттоонун ички жол-жоболорун өркүндөтүүгө, ошондой эле исламдык экономика жана анын артыкчылыктары жөнүндө коомчулукка маалымдоо үчүн көбүрөөк иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
2.3.1. Ислам банкинги
Кыргыз Республикасында ислам банкингин андан ары өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Global Findex маалыматы боюнча 2017-жылы сурамжыланган чоң калктын болжол менен 8,4% (болжол менен 350 мин адам) финансылык уюмда эсептери диний себептерден улам болгон эмес. IFC маалыматтары боюнча микро, чакан жана орто ишканалардын (МЧОИ) дээрлик 80% исламдык банк продуктуларына жана кызматтарына артыкчылыктарды берүүлөрүн жана кызыгууларын билдирген. 2006-жылы "ЭкоИсламикБанк" ЖАКтын базасында исламдык принциптерди банк ишине жана каржылоого киргизүү боюнча пилоттук долбоорго өлкөдө каржылоонун ислам принциптерин (мындан ары - КИП) өнүктүрүүгө берилген старт жакшы натыйжаларды көрсөттү. Каржылоонун ислам принциптерин андан ары өнүктүрүү ийгиликтүү аяктаган пилоттук долбоордун эгидасында өтүшү керек, ал биздин өлкөдө ислам банкингинин колдонулуп кетүү жөндөмдүүлүгүн гана көрсөтпөстөн, Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө каржылоонун ислам принциптеринин өнүгүшүн эсептөөнүн тарыхый чекити болуп калды. 2022-жылдын үчүнчү кварталынын аягында атамекендик исламдык финансылык индустрия 1 пилоттук банкты, "ислам терезеси" бар 4 салттуу банкты, 5 толук кандуу ислам микрокредиттик компанияны, "ислам терезеси" бар 2 микрокредиттик компанияны, 1 ислам лизинг компаниясын, 1 мамлекеттик ипотекалык компанияны жана 1 кепилдик фондун түзгөн, алар дагы КИП боюнча кызмат көрсөтүп жатышат. Мында 2022-жылдын 1-октябрындагы абал боюнча каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банктардын активдеринин жалпыланган мааниси 6,3 млрд. сомдон ашыкты же банк секторунун активдеринин болжол менен 1,5%ын түзгөндүгүн белгилей кетүү керек. Мында ислам принциптери боюнча каржылоо портфели 3,3 млрд. сомдон ашыкты же банк секторунун кредиттик портфелинин 1,7%ын түзгөн. Өз кезегинде каржылоонун ислам принциптери боюнча депозиттик база банк секторунун депозиттик портфелинин 3,2 млрд. сомдон азыраагын же 1,1%ын түзгөн. Микрофинансылык уюмдарды (мындан ары - МФУ) каржылоонун ислам принциптери боюнча активдердин үлүшү болжол менен 2,3 млрд. сомду же МФУ секторунун активдеринин 6%ын түздү, ал эми ислам принциптери боюнча каржылоо портфелинин жалпыланган мааниси 1,5 млрд. сомдон ашыкты же Кыргыз Республикасынын МФУсунун кредиттик портфелинин болжол менен 5,3%ын түздү. Банк сектору үчүн ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүнүн хронологиясы 2006-жылдан тартып башталат, анда каржылоонун ислам принциптерин ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бир катар ченемдик укуктук актылар кабыл алынган. КИП өнүктүрүү үчүн иш-чаралардын комплекси жарандык, салык, банк мыйзамдарын ыңгайлаштырууну, калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташууну, ошондой эле жөнгө салуучунун жана финансылык-кредиттик уюмдардын (мындан ары - ФКУ) каржылоонун ислам принциптерин өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташуусун камтыйт. ФКУнун кредиттик портфелинен ислам принциптери боюнча каржылоонун үлүшүн 5%га чейин көбөйтүүгө багытталган иш-чараларга карабастан, банк системасынын кредиттик портфелинен КИП каржылоонун үлүшүн 5%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү мүмкүн болгон жок. Потенциалдуу инвесторлордун ички экономикаларын чыңдоо зарылдыгына карабастан, бул негизинен коронавирустун кесепеттерине байланыштуу болду, ошондой эле жергиликтүү коммерциялык банктардын ислам терезелерин ачуучу жол-жоболору басаңдады. Мында белгилей кетүүчү нерсе, 2021-жылдын октябрь айынын башында бир коммерциялык банк ислам терезеси аркылуу КИП боюнча операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алган. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы исламдык банктардын татаал түзүмдөштүрүлгөн продуктуларын иштеп чыгууга күч-аракеттерин топтоштуруп, экономиканын ар кандай секторлорундагы финансылык кызматтарды пайдалануучулардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү каржылоону божомолдоодо. Жалпысынан алганда, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы КИП боюнча кызматтарды сунуш кылган финансылык-кредиттик уюмдардын саны өсөт деп болжолдонот жана 2025-жылы финансылык-кредиттик системанын кредиттик портфелинин ислам принциптери боюнча каржылоонун үлүшүн 5%га чейин жеткирүү күтүлүүдө.
2.3.2. Исламдык баалуу кагаздар рыногу (сукук)
Кыргыз Республикасында исламдык баалуу кагаздарды чыгарууга мүмкүндүк берүүчү мыйзамдык негизди түптөө 2009-жылы КИП боюнча чыгарылган баалуу кагаздар жөнүндө биринчи ченемдик укуктук актыны (сукукту) кабыл алуу менен башталган. Андан кийин 2016-жылы исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү толуктоолор "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген жана 2017-жылы каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылган Исламдык баалуу кагаздарды эмиссиялоо, жүгүртүү жана жабуу жөнүндө жобо кабыл алынган. Минималдуу укуктук базанын болушуна карабастан, ушул мезгилде исламдык баалуу кагаздарды чыгарууга жана жайгаштырууга эч мүмкүн болгон жок. Бул биринчи кезекте ата мекендик салттуу баалуу кагаздар рыногунун жалпысынан начар өнүккөндүгү, экинчиден тиешелүү тажрыйбага жана билимге ээ кадрлардын жоктугу, үчүнчүдөн исламдык баалуу кагаздар аркылуу каражаттарды жана инвестицияларды тартуу жаатында потенциалды арттырууга өбөлгө түзө турган жагымдуу платформанын жоктугу, төртүнчүдөн салык мыйзамдарынын исламдык баалуу кагаздар бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү талап кылынгандыгы менен шартталган. Жогоруда айтылгандарга кошумча исламдык баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү боюнча аракеттерди илгерилетүүдө ийкемдүүлүктү камсыз кылбаган жоболор колдонуудагы мыйзамдардын исламдык баалуу кагаздар бөлүгүндө камтылган. Учурдагы мыйзамдык базаны кайра карап чыгуу жана исламдык баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү боюнча демилгелерди илгерилетүүдө юридикалык ийкемдүүлүктү камсыз кылуучу мамилени кабыл алуу зарыл.
2.3.3. Исламдык камсыздандыруу (такафул жана ретакафул)
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык камсыздандыруу иши жүзөгө ашырылат. Камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык камсыздандыруу ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү мыйзамдар жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары менен белгиленет. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 936-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык камсыздандыруу келишими түзүлүп жаткан шарт келишимдин өзүндө (камсыздандыруу полисинде), ошондой эле камсыздандыруу чу же камсыздандыруучулардын бирикмеси кабыл алган, жактырган же бекиткен тийиштүү түрдөгү камсыздандыруунун стандарттык эрежелеринде (камсыздандыруу эрежелери) аныкталышы мүмкүн. Өлкөдө исламдык камсыздандырууну өнүктүрүү менен байланышкан кырдаал ата мекендик исламдык баалуу кагаздар рыногуна окшош. Орун алган боштуктарды четтетүү үчүн колдонуудагы мыйзамдардын исламдык камсыздандыруу бөлүгүн кайра карап чыгуу керек.
2.3.4. Адал-индустриясы
Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 385 токтому менен Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Адал-индустрия концепциясы) кабыл алынган, анда Кыргыз Республикасынын экономикасын ушул багытта өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана стратегиялык багыттары белгиленген. Адал-индустрия концепциясын ишке ашыруу максатында 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору Standards and Metrology Institute for Islamic Countries (SMIIC) эл аралык уюмунун толук укуктуу мүчөсү болду, 2017-жылы Кыргыз аккредитациялоо борбору International Halal Accreditation Forum (IHAF) эл аралык уюмунун толук укуктуу мүчөсү статусун алган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы чыккан, анда адал айыл чарба продукцияларын өнүктүрүү боюнча милдеттер каралган. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынган, анда адал продукция рыногун колдоо жана өнүктүрүү жана керектөөчү өлкөлөргө экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө көмөктөшүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары аныкталган. Ушул улуттук программаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынган, анда "Кыргыз Республикасында адал-индустриясын өнүктүрүү" боюнча өзүнчө бөлүм каралган. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 2-декабрындагы № 131 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын (ЖСӨИК) ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин (мындан ары - ТӨН) иштеп чыгуу үчүн 2021-жылы КМК Консорциумунун, The Chambers Shamsul Qamar жана HalNex Sdn Bhd өкүлдөрү менен контрактка кол койгон. Бул жогоруда аталган документтерди ишке ашыруудагы практикалык чаралардын бири болуп калды. Аталган ТЭНде керектүү платформалык жана физикалык объекттердин (жолдор, канализация ж.б.) абалын жакшыртуу; бакма малды тоюттандыруу жана жайгаштыруу стратегияларын оптималдаштыруу; адал-паркынын продукцияларын ички жана тышкы рынокторго жеткирүү боюнча өндүрүштүк-сатуу чынжырынын толук циклин караган coo үйүрдү камсыз кылуу үчүн эмдөө жана ветеринардык тейлөө практикасы маселелери каралат. Адал чөйрөсүн жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесине ылайык адал продукция же кызмат көрсөтүүлөрүн сатуучу (даярдоочу) тийиштүү ыктыярдуу сертификаты жок туруп, продукцияга (көрсөтүлгөн кызматка) ыктыярдуу сертификат маркасын коюуга укугу жок. Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Мыйзамына ылайык коопсуздук боюнча милдеттүү талаптар техникалык регламенттерде, ал эми ыктыярдуу талаптар стандарттарда аныкталат. Дүйнөлүк практикада адал-продукцияга карата талаптар стандарттарда камтылат, ошондуктан адал-продукцияны сертификаттоо ыктыярдуу чөйрөгө таандык. Кыргыз Республикасында адал индустрия жаатындагы колдонуудагы стандарттар: KMC MS 1500:2011 "Адал продукцияларын өндүрүү, даярдоо, иштетүү жана сактоо боюнча колдонмо"; КМС 1233:2016 "Адал продукциясы жана кызмат көрсөтүүлөрү. Ыктыярдуу сертификаттоону жүргүзүү эрежеси жана тартиби"; KMC OIC/SMIIC 1:2022 "Адал тамактануу продуктуларына карата жалпы талаптар" (OIC/SMIIC 1:2019, IDT)"; KMC OIC/SMIIC 2:2022 Шайкештикти баалоо. Адал сертификаттоону жүзөгө ашырган органдарга карата талаптар (OIC/SMIIC 2:2019, ЮТ); KMC O1C/SMI1C 3:2022 Шайкештикти баалоо. Адал сертификаттоо боюнча аккредитациялоочу органдарга, адал аккредитациялоо боюнча органдарга карата талаптар (01C/SM1IC 3:2019, 1DT); KMC OIC/SMI1C 9:2022 Адал туристтик кызмат көрсөтүүлөр. Жалпы талаптар (OIC/SMIIC 9:2019, IDT). Аталган стандарттар өндүрүүчүлөр, керектөөчүлөр жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү адал стандарт, талаптар, ошондой эле продукцияны адал стандарттарынын талаптарына ылайык сертификаттоо жол-жоболору жөнүндө бирдиктүү түшүнүккө ээ болушу үчүн кабыл алынган. Учурдагы тажрыйба көрсөткөндөй, ата мекендик адал-сертификаттоо чөйрөсүн андан ары өркүндөтүүдөн жана боштуктарды четтетүүдөн тышкары, исламдык каржылоону жана адал индустрияны интеграциялоону камсыз кылуу керек. Тартылган каражаттардын жана инвестициялардын адал индустриясы чөйрөсүндө ишкананы же бизнести түзүүгө коюлган шариат талаптарына ылайык келүүсүнөн тартып адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу жана экспорттоо үчүн каражаттарды жана инвестицияларды алууга чейинки бардык өндүрүштүк чынжырдын "адал" эл аралык стандарттарына ылайык келүүсү адал-сертификаттоо системасында маанилүү болуп саналат.
2.3.5. Шариаттык байкоочу кеңеш
Азыркы этапта Кыргыз Республикасында Шариаттык байкоочу кеңештердин иши исламдык финансылык институттардын бөлүмдөрү катары белгиленүүдө. Бирок мамлекеттик деңгээлде Шариаттык байкоочу кеңешти түзүү дегенибиз экономикалык жана финансылык механизмдерди шариат стандарттарынын талаптарына ылайык келтирүү маселелерин ыкчам чечүү үчүн жогорку кесипкөй жана көз карандысыз органдын иштешин божомолдойт. Бул органдын негизги милдеттери болуп жүктөлгөн ыйгарым укуктарга жана милдеттерге жараша колдонулуп жаткан дин аралашпаган мыйзамдардын контекстинде шариат стандарттарынын ченемдерин колдонуунун натыйжасында келип чыгуучу ар кандай тосмолорду жана тоскоолдуктарды четтетүү жолу менен өлкөдөгү ислам экономикалык платформасынын өсүшүнө көмөк көрсөтүү саналууга тийиш.
2.3.6. Зекет фонду
2013-жылы Кыргыз Республикасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан "Бирдиктүү зекет системасын" киргизүү аракеттери көрүлгөн. Бул идеяны ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүлүп, алар жыл бою ички ченемдик актыларды иштеп чыгып, бул жааттагы чет өлкөлүк эксперттер менен жолугуп, тиешелүү платформаны даярдаган. Коюлган милдеттердин алкагындагы бардык иштер аяктагандан кийин, жасалган иштердин жыйынтыгынын бет ачары өткөрүлгөн. Бет ачардын ийгиликтүү өткөнүнө жана идеянын жактырылганына карабастан, түзүлгөн жагдайлардан улам ушул идеяны практикалык ишке ашыруу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында акча каражаттарын, ошондой эле зекет катары берилген башка баалуулуктарды өз алдынча чогултуу жана бөлүштүрүү менен алектенген ар кандай кайрымдуулук фонддору бар. Бул фонд дагы ислам экономикалык платформасына интеграцияланууга тийиш.
2.3.7. Вакф боюнча мыйзамдар
Азыркы учурда Кыргызстандагы вакф уюшулбаган жана иретсиз мүнөзгө ээ. Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2020-жылдын 1-январына карата абал боюнча республиканын аймагында 3 миңден ашык диний бирикмелер, уюмдар жана окуу жайлар (2688 мечит, 12 ислам жогорку окуу жайы, 131 медресе, аларды вакф объекттери катары кароо керек). Ушул мүлктүк мамилелерде Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде чет өлкөлүк меценаттар вакфтын кызыкдар тараптары катары чыгат. Анткени ушул мүлктүк өз ара мамилелердин баары жарандык бүтүмдөрдүн жана укуктук мамилелердин башка формалары жана түрлөрү астында өтөт. Жарандык жүгүртүүлөр жана мамлекет үчүн ушул сектор жөнгө салынбаган бойдон калууда. Учурдагы мыйзамдарды кайра карап чыгуу жана вакфты түзүү, уюштуруучулардын, бенефициарлардын укуктары менен милдеттерине, ошондой эле вакфтын өзүнүн мүлктөрүнө тиешелүү бөлүгүндөгү кемчиликтерди четтетүү зарыл.
2.3.8. Исламдык экономика жана финансы жаатындагы изилдөө иштери
Кыргыз Республикасында исламдык экономика жана финансы жаатында айрым изилдөөлөр бар. Бирок алар чачыранды, үзүндүлөр болгондуктан ислам экономикалык платформасынын абалына терең талдоолорду, баалоолорду жана болжолдорду жүргүзүү үчүн учурдагы абалды иш жүзүндө ачып бере албайт. III. Максаттар жана милдеттер Ушул Концепциянын максаты өнүгүүнүн кыйла туруктуу моделин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында исламдык экономика жана финансы системасын түзүү болуп саналат. Концепциянын зарылдыгы азыркы чындыктагы анын актуалдуулугу менен аныкталган. Исламдык экосистема бүгүнкү күндө - бул Кыргыз Республикасында да, Борбордук Азияда да, ошондой эле бүтүндөй дүйнөлүк экономикада кыйла маанилүү орунду ээлеп бараткан динамикалуу өнүгүп жаткан сегмент. 2022-жылы даярдалган глобалдык исламдык экономиканын абалы жөнүндө отчетко ылайык, 2021-жылы исламдык экономиканын продукцияларын жана кызматтарын дүйнөдө жалпы керектөө 2 триллион АКШ долларына барабар өлчөмдөгү суммага жеткен. Бул чыгымдар 2020-жылдан берки жылдык эсептөөлөрдө анын 8,9%га өскөндүгүн чагылдырат, мында исламдык каржылоонун дүйнөлүк активдери эксперттердин баалоосу боюнча 2021-жылы 3,6 триллион АКШ долларга чейин өскөн, 2020-жылга салыштырмалуу өсүш 7,8%ды көрсөткөн. 4 жылдык жыйынды жылдык өсүш темпин (CAGR) 7,5%да сактоо шарттарында глобалдык исламдык экономиканын продукцияларын жана кызматтарын жалпы керектөөлөр 2025-жылга карата 2,8 триллион долларга жетет деп болжолдонууда. 2018-2040-жылдарда Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, мамлекет өзүнүн экономикалык саясаты аркылуу ишканаларды каржылоонун кошумча булагы катары исламдык каржылоо принциптерин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча иштер улантылары аныкталган. Эл аралык финансылык институттар менен байланыштар кеңейтилет, өнүктүрүү институттары жана фонддору, финансылык кооперативдер түзүлөт, каржылоонун исламдык принциптери, каржылоонун венчурдук институттары колдонулат, ошондой эле мамлекет кошумча нарктын жана экспорттун тез өсүшүн камсыз кылган экономиканын жаңы экспортко багытталган жана инновациялык секторлорун түзүү багытындагы инвестициялык активдүүлүктү колдойт, 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн "Биримдик, ишеним, жаратмандык" программасында Кыргызстанды дүйнөлүк санариптик экономикага, анын ичинде глобалдык исламдык экономикага интеграциялаган жана жеке сектордун лидерлигинин айкалышы жана инновацияларды мамлекеттик колдоодо технологиялык секирик менен камсыз болгон экономикалык өсүштүн жаңы модели түзүлөрү белгиленет. Дүйнөлүк тажрыйбаны жана ислам экономикалык платформасын өнүктүрүүнүн негизги рычагы жана локомотиви исламдык финансылык-кредиттик сектор экендигин эске алып, сунушталган Концепцияда бул сегментке олуттуу роль берилет. Туруктуу өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын экономикасына исламдык инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгү түзүмдүк жактан кемчиликтерди четтетүү жана инвестициялык исламдык баалуу кагаздарды (сукук) чыгарууга жана жайгаштырууга толук баалуу шарттарды камсыз кылуу үчүн колдонуудагы мыйзамдык базаны кайра карап чыгуу жолу менен исламдык баалуу кагаздар рыногун толук активдештирүү, ошондой эле өлкөдө исламдык камсыздандырууну ишке киргизүү жана иштетүү үчүн толук шарттарды камсыз кылуу үчүн колдонуудагы мыйзамдык базаны кайра карап чыгуу аркылуу исламдык камсыздандыруу рыногун (такафул) активдештирүү зарылдыгын алдыга коет. Өлкөдөгү адал индустриясын өнүктүрүүнүн учурдагы тажрыйбасы адал продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу үчүн исламдык инвестицияларга жана исламдык каржылоого адал индустриясынын катышуучуларынын жетүүсүн камсыз кылуунун зарылдыгын көрсөтөт. Ар кандай экономикалык, анын ичинде финансылык механизмдердин эл аралык шариат стандарттарынын талаптарына шайкештигин камсыз кылуу үчүн жогорку кесипкөй жана көз карандысыз Шариаттык байкоочу кеңешин түзүү азыркы экономикалык жана финансылык чындыктын актуалдуу маселеси болуп саналат. Мамлекеттик деңгээлде толук Зекет фондун түзүү керек, ал өлкөнүн социалдык жактан аялуу жарандарынын белгилүү бир бөлүгүндө топтолгон проблемалардын комплексин чечүүгө өбөлгө түзөт, исламдык финансылык мекемелер жана бизнес-коомчулугу үчүн социалдык жоопкерчилик чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана мамлекетке жүктөлгөн социалдык жүктү азайтат. Республикада вакфты иштетүү үчүн мыйзамдык базаны түзүү кайрымдуулук чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Исламдык экономика жана финансы илимий изилдөөлөр борборун түзүү Кыргыз Республикасындагы исламдык экономиканын чындап фундаменталдык изилдөөлөрдү жана сын көз карашта талдоолорду жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү, бул чөйрөдөгү заманбап чакырыктарга натыйжалуу жана өз убагында жооп кайтаруу үчүн мүмкүн болгон өнүктүрүү болжолдорун камсыз кылат. Ушул Концепцияда коюлган милдеттер актуалдуулуктан келип чыгат жана Кыргыз Республикасынын экономикасындагы жалпы улуттук жана тармактар аралык мүнөздөгү конкреттүү милдеттерди чечүүгө багытталат. Концепцияны ишке ашыруунун 2023-жылдан 2027-жылга чейинки мезгилинде анын максаттарына жана милдеттерине жетүүнүн багыттама мөөнөттөрү мүнөздөлөт. Концепцияны ишке ашыруунун механизмдери жана практикалык коштоолор бекитилген иш-чаралардын планында чагылдырылат жана бекитилгенден кийин ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алардын компетенцияларынын алкагында жүзөгө ашырылат. Белгиленген максаттар менен аныкталуучу милдеттерге төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасындагы исламдык банкингдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
2) исламдык баалуу кагаздар рыногун (сукук), ошондой эле исламдык камсыздандыруу рыногун (такафул) активдештирүү;
3) адал продукцияларды иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу үчүн берилген исламдык инвестицияларга жана исламдык каржылоого адал индустриясынын катышуучуларына жетүүнү камсыз кылуу;
4) жогорку кесипкөй жана Көз карандысыз шариаттык байкоочу кеңешти түзүү;
5) мамлекеттик деңгээлдеги толук зекет фондун түзүү;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында вакф маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдык базаны түзүү;
7) исламдык экономика жана каржылоо боюнча илимий изилдөө борборун түзүү.
IV. Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү боюнча милдеттерди ишке ашыруунун негизги артыкчылыктуу багыттары жана индикаторлору Учурдагы чөйрөнү талдоону эске алуу менен белгиленген максатка жетүү үчүн көңүлдү топтоого тийиш болгон өнүгүүнүн төмөнкүдөй багыттары жана индикаторлору аныкталды.
4.1. Исламдык банкинг
Исламдык финансылык индустриянын дүйнөсүнүн динамикалуу өнүгүүсүнө байланыштуу мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасында түзүлгөн иштиктүү жүгүртүү салттарын эске алуу менен исламдык банктык операцияларды, финансылык иштерди жүзөгө ашыруунун мыкты эл аралык стандарттарынын жана практикаларынын элементтерин киргизүү сунушталат. Ушул стратегиялык багыттын алкагында төмөнкүдөй индикаторлор коюлду: Begin_nocompare
Индикатор:
Исламдык принциптер боюнча акча-кредиттик саясаттын куралдарын ишке киргизүү
Иш-чаралар:
1. Акча-кредиттик саясаттын куралдарын киргизүү көз карашында ченемдик укуктук базаны изилдөө.
2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
3. Жумушчу топтун деңгээлинде жактыруу/бекитүү.
4. Исламдык принциптердин шарттарында каржылоонун мамлекеттик программаларын ишке ашыруунун алкагында куралдарды колдонуу
Индикатор:
Коммерциялык исламдык банкты/банктардагы исламдык терезелерди ачуу
Иш-чаралар:
1. Каржылоонун исламдык принциптерин киргизүү боюнча пилоттук долбоордун ийгиликтүү аяктагандыгын таануу жана Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана "ЭкоБанк" ААКтын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду денонсациялоо.
2. Исламдык финансы индустриясын өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналган ишенимдүү жана жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүү.
3. Перс булуңундагы жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы потенциалдуу инвесторлорду издөө.
4. Исламдык коммерциялык банкты/банктарда исламдык терезелерди түзүүгө, анын ичинде чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен көмөктөшүү
Кардардын атынан жана анын тапшырмасы боюнча эсеп ачуу жана жүргүзүү, талаш-тартыштарда, чыгаруу, жайгаштыруу, соода, клиринг жана сукук эсептөөлөр жаатындагы долбоорду, бизнести башкарууда кесипкөй кызматтарды көрсөтүүдө; мүлктөрдү жана портфелдик инвестицияларды ишенимдүү башкаруу жаатындагы кызматтарды көрсөтүүдө, ошондой эле билим берүү кызматтарын көрсөтүү: консультацияларда жана окутууларда кардардын кызыкчылыктарын коргоо (адвокаттар, медиаторлор) үчүн агенттик келишимди колдонууну кеңейтүү болжолдонууда.
Индикатор:
Исламдык принциптер боюнча агенттик макулдашуулардын шарттарында негизделген кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү
Иш-чаралар:
1. ИФП секторунун катышуучуларынын сунуштарын эске алуу менен ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоо.
2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
3. Исламдык принциптер боюнча агенттик макулдашуулардын жаңылыктарын колдонуу боюнча финансы рыногунун катышуучуларына көмөк көрсөтүү
Индикатор:
Исламдык принциптер боюнча иштеген ФКУ депозиттик базасын өстүрүүгө көмөктөшүү
Иш-чаралар:
1. ФКУ үчүн же болбосо Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин алкагында депозиттерди камсыздандыруунун өзүнчө фондун уюштуруу жана ишке киргизүү.
2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр аркылуу жеке зыяратка калктын узак мөөнөттүү аманаттарынын көндүмдөрүн топтоо жана иштеп чыгуу.
3. Такафул түрүндөгү исламдык топтоолорду социалдык өз ара жардамдашуунун жана топтоонун бир түрү катары пенсиялык топтомо кепилдик фонддорун иштеп чыгуу жана киргизүү
Индикатор:
Өнүктүрүү институттары (Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ж.б.) аркылуу исламдык принциптер боюнча каржылоо инструменттерин киргизүү
Иш-чаралар:
1. Өнүктүрүү институттары аркылуу исламдык принциптер боюнча каржылоо куралдарын киргизүү көз карашында ченемдик-укуктук базаны изилдөө.
2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана өнүктүрүү институттарынын ички документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү.
3. Өнүктүрүү институттары аркылуу исламдык принциптер боюнча каржылоону алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө калкты маалымдоо
4.2. Исламдык баалуу кагаздар рыногу (сукук) жана исламдык камсыздандыруу (такафул жана ретакафул)
4.2.1. Исламдык баалуу кагаздар рыногу (сукук). Өтүмдүүлүктү башкаруу системасын түзүү жана өнүктүрүү. Дүйнө жүзү сыяктуу эле, ата мекендик исламдык финансылык индустрия да өтүмдүүлүктү башкаруу проблемасына туш болууда. Бул маселе азыркы экономикалык чакырыктардын жана кризистердин фонунда чоң мааниге ээ болууда. Төмөнкү индикаторлор өтүмдүүлүктү башкаруу проблемаларын чечүү үчүн стратегиялык багытка киргизилген:
Индикатор:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарткан ички каражаттар менен 5%дан кем эмес суммалык көлөмдөгү мамлекеттик исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу
Иш-чаралар:
1. Мамлекеттик исламдык баалуу кагаздарды (сукук) чыгаруу жана жүгүртүү үчүн бөгөттөрдү алып салуу предмети боюнча мыйзамдарга талдоолорду жүргүзүү.
2. Исламдык атайын финансылык компанияны (мындан ары - ИАФК) түзбөстөн сукукту чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
3.Инвестицияларды тартуу үчүн мамлекеттик объекттин же долбоордун базасында сукуктун биринчи инвестициялык чыгарылышын уюштуруу. Гидроэлектрстанцияларын (ГЭС) же башка долбоорлорду куруу мүмкүн болуучу варианттар катары чыга алат (мисалы: Кара-Буура ГЭСи, Орто-Токой ГЭСи, Папан ГЭСи, соода борборлору ж.б.)
Концепциянын алкагында сукукту чыгаруунун жана жүгүртүүнүн натыйжалуу иштөө схемасын рынокко сунуш кылган корпоративдик исламдык баалуу кагаздар жаатындагы ченемдик укуктук базаны кайра карап чыгуу максатка ылайыктуу.
Индикатор:
Корпоративдик баалуу кагаздарды чыгаруу (ИКФК түзүү менен/түзбөстөн)
Иш-чаралар:
1. Корпоративдик исламдык баалуу кагаздарды (сукук) чыгаруу жана жүгүртүү үчүн бөгөттөрдүн бар болуу предметинде мыйзамдарга талдоо жүргүзүү.
2. Корпоративдик баалуу кагаздарды - сукукту чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
3. Салам, Истиснаа, Иджара же Мурабаха механизмдеринин бирин колдонуу менен пилоттук сукукту чыгарууну уюштуруу
4.2.2. Исламдык камсыздандыруу (такафул жана ретакафул)
Исламдык финансылык кызматтарды көрсөтүү индустриясын түзүүнүн алкагында банк системасынан тышкары, исламдык камсыздандыруу системасын өнүктүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу коммерциялык банктардын мисалында иштеп жаткан мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун базасында "ислам терезеси" түрүндөгү исламдык камсыздандыруу боюнча долбоорду ишке киргизүү сунушталат. Ушул иш-чаранын биринчи этабында "ислам терезелери" аркылуу исламдык камсыздандыруу үчүн тиешелүү укуктук негиздерин даярдоо башталууга тийиш.
Индикатор:
Исламдык камсыздандыруу компанияларын түзүү жана/же салттуу камсыздандыруу компанияларында "ислам терезелерин" ачуу
Иш-чаралар:
1. "Кыргыз Республикасында камсыздандыруу ишин уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын кайра кароо.
2. Мыйзам алдындагы актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.
3. Иштеп жаткан камсыздандыруу компанияларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
4. Камсыздандыруу компанияларынын адистерин окутуу жана даярдоо.
5. Такафулдун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары боюнча калкка маалымдоо боюнча маалыматтык программаларды ишке ашыруу
4.3. Адал индустриясы
Азыркы дүйнөдө тамак-аш индустриясынын эң келечектүү жана тез өнүгүп келе жаткан тармактарынын бири адал продукцияларын өндүрүү болуп саналат. Ушул фактор дүйнөлүк коомчулуктун тамак-аш азыктарынын сапатына жана экологиялуулугуна коюлуучу талаптардын пайда болушу жана жогорулашы менен байланышкан. Кыргыз Республикасынын калкынын басымдуу көпчүлүгүн мусулмандар түзөрүн эске алсак, азык-түлүк рыногундагы адал азыктарга болгон суроо-талаптар жыл сайын өсүүдө. Кыргыз Республикасында адал индустриясын түзүү жана өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Адал индустриясын натыйжалуу өнүктүрүү Кыргыз Республикасында адал индустриясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясынын алкагында мамлекет жана ФКУ тарабынан туруктуу каржылоону талап кылат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 385 токтому менен бекитилген).
Индикатор:
Адал продукциялардын көлөмдөрүн көбөйтүү, ошондой эле аларды экспорттоого көмөктөшүү
Иш-чаралар:
1. Мамлекеттик каржылоо программалары аркылуу адал индустриясынын продукцияларын каржылоо (АЧК, ЧОБ ж.б.).
2. Адал индустриясын өнүктүрүү чөйрөсүндө SMIIC, IHAF жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташууларды чыңдоо.
3. Кыргыз Республикасында адал продукцияларынын көлөмүн байкоого алуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча механизмдерди түзүү.
4. Адал жана эко продукцияларды өндүрүү жана экспорттоо менен алектенген ЧОБ өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
5. Мал чарбачылыгынын өндүрүштүк толук цикли бар, тигинен интеграцияланган компанияларды түзүү үчүн инвесторлорду издөө жана тартуу.
6. Туризм тармагында адал стандарттарды иштеп чыгуу
4.4. Шариаттык байкоочу кеңеш
Шариат стандарттарын сактоо исламдык банк ишинин жана финансы практикасынын мыйзамдуулугун кеңейтет жана кызыкдар тараптардын жана жалпы калктын ишенимин камсыз кылат. Ушул негизги компоненттин маанилүүлүгүн таанып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул маселелердин системалуулугун камсыз кылууга аракет кылды жана ушул жылдар аралыгында шариат стандарттарын сактоо боюнча жоболорду, нускамаларды жана колдонмолорду чыгарган жана жаңырткан. Шариат стандарттарын сактоонун комплекстүү жана көп деңгээлдүү системасын киргизүү зарыл (Шариаттык байкоочу кеңеш жана шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмү).
Индикатор:
Жогорку кесипкөй жана көз карандысыз Шариаттык байкоочу кеңешти түзүү
Иш-чаралар:
1. Каржылоо булактарын көрсөтүү менен Шариаттык байкоочу кеңешти түзүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу.
2.Шариаттык байкоочу кеңешти иштетүү үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу.
3.Банктардын шариаттык кеңешинин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
4. Шариаттык байкоочу кеңешти түзүү.
5. Экономикада жана финансыда билимдерди кеңейтүү менен жергиликтүү шариаттык окумуштууларды даярдоо
4.5. Зекет фонду
Жеке жана коомдук турмушта исламдык принциптерди практикалаган калктын санынын өсүшү жыл сайын социалдык байлыкка салыкты зекет катары төлөө үчүн базаны көбөйтүүнү болжолдойт. Кыргыз Республикасында ушул маселени комплекстүү жөнгө салуу боюнча иштер жок, анын натыйжасында жылдык кирешелери зекет төлөөгө мүмкүндүк берген мусулман бизнес-коомчулугу жана жеке адамдар ушул каражаттарды багыттоо боюнча маселени мусулмандык укуктардын талаптарына ылайык чоң кыйынчылыктар менен чечет. Социалдык маселелерди жана өнүктүрүү маселелерин чечүүгө каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү мыйзамдык жактан коштоо маселелерин регламенттөөгө арналган Зекет фондун түзүүгө, бизнес-коомчулуктун социалдык жоопкерчилигине мамлекет колдоо көрсөтсө, мамлекеттин социалдык жүгү жеңилдемек жана өлкөдөгү ислам экономикалык платформасынын секторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы процесстери оптималдашмак.
Индикатор:
Мамлекеттин социалдык жүгүн азайтуу үчүн мамлекеттик деңгээлдеги Зекет фондун түзүү жана бизнес-коомчулуктун социалдык жоопкерчилигин колдоо
Иш-чаралар:
1. Кайрымдуулук максаттарында чогултулган каражаттарды топтоонун жана бөлүштүрүүнүн методдорунун/тартибинин сыпаттамасы.
2. Ачык укуктук базаны түзүү.
3. Финансы системасына өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду ыңгайлаштыруу
Индикатор:
Өнөктөштүк (мудараба/мушарака) шарттарында иштеген инвестициялык фондду түзүү
Иш-чаралар:
1. Аталган фондду ишке киргизүү үчүн укуктук чөйрөнү жана адистерди даярдоо.
2. Өнөктөштүк фондун түзүү үчүн каржылоо булактарын аныктоо
4.6. Вакф боюнча мыйзамдар
Вакф боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү вакф мүлктөрүн өткөрүп берүү, мүлктүк мамилелердин сапатын жакшыртуу жана социалдык чөйрөгө кирешени жана пайданы генерациялоочу мүлктөрдү тартуу аркылуу коомдун социалдык аялуу катмарын колдоонун рычагы болуп калат.
Индикатор:
Социалдык чөйрөдөгү кирешелерди жана пайданы генерация кылган мүлктүк мамилелерди жана мүлктөрдү тартууну чыңдоо үчүн Кыргыз Республикасында вакуфтук мүлктөр боюнча системаны түзүү
Иш-чаралар:
1.Вакфтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иштеп чыгуу.
2. Вакуфтук мүлктү кайра каттоо боюнча иш-чаралар.
3. Өзүн-өзү каржылоого өтүү жана мамлекеттин социалдык жүгүн азайтуу
4.7. Исламдык экономиканы жана финансыны илимий изилдөө борбору
Өнүгүүнүн багыттарын тандоодо негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн ислам экономикалык платформасын өнүктүрүүнү колдоодо илимий-изилдөө иштери зарыл. Азыркы убакта Кыргызстанда академиялык коомчулуктун жана билим берүү чөйрөсүнүн аракеттерин координациялоо, Кыргыз Республикасындагы исламдык экономикалык чындыкты изилдөө жана сын көз карашта талдоо маселелерин комплекстүү чечүү мүмкүнчүлүгү жок. Бул исламдык экономиканын жана финансынын айрым секторлорун өнүктүрүүдө кабыл алынган чечимдердин натыйжасыздыгына алып келет. Ушул маселени чечүү ислам экономикалык платформасынын заманбап чакырыктарында мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө, өбөлгөлөрдү түзүү, талдоо, адекваттуу баалоо жана мүмкүн болуучу өнүгүүлөрдү болжолдоо, натыйжалуу жана өз убагында жооп кайтаруу үчүн абдан маанилүү.
Индикатор:
Ислам экономикалык платформасынын бардык секторлорун өнүктүрүүдө олуттуу секирикке өбөлгө түзгөн исламдык экономика жана финансы боюнча изилдөөлөрдүн критикалык массасын түзүү үчүн Илимий изилдөө борборун ачуу
Иш-чаралар:
1. Исламдык экономика жана финансы илимий изилдөө борборун уюштуруу жана түзүү.
2. Жогорку кесиптик окутуунун, орто кесиптик окутуунун билим берүү программаларын, кошумча курстарды жана тренингдик борборлорду консультациялык колдоо.
3. Илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, форумдарды, сессияларды, вебинарларды, тренингдерди, мастер-класстарды ж.б. уюштуруу.
4. Ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий-изилдөө борборлору менен өз ара аракеттенүү жана координациялоо.
5. Исламдык экономика жана финансы жаатындагы изилдөөлөрдү жүргүзүүгө дем берүү.
6. Ислам экономикалык платформасынын бардык секторлорун илимий-консультациялар менен коштоо.
7. Изилдөөнүн натыйжаларын, талдоо, баалоо жана болжолдорду мамлекетке жана бардык кызыкдар тараптарга берүү
End_nocompare
V. Ислам экономикалык платформасын мамлекеттик координациялоо
5.1. Мамлекеттик координациялоо
Ислам экономикалык платформасын натыйжалуу өнүктүрүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, бизнес-коомчулуктун, академиялык чөйрөнүн жана коомчулуктун биргелешкен координацияланган аракеттерин талап кылат. Мамлекет тарабынан координациялоо биринчи кезекте улуттук да, региондук да деңгээлде ислам экономикалык платформасын өнүктүрүүнү колдоого багытталууга тийиш. Ушул Концепцияны ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын Улемдер кеңешин, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жана бардык кызыкдар юридикалык жана жеке жактарды, коомдук бирикмелерди, инвесторлорду, грант берүүчүлөрдү жана башкаларды өнөктөштүккө тартуу керек.
5.2. Мамлекеттик колдоонун түрлөрү
Ислам экономикалык платформасын өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо төмөнкүдөй түрлөрдө көрсөтүлүшү мүмкүн:
а) уюштуруу;
б) маалыматтык.
5.2.1. Уюштуруучулук колдоо
Мамлекет тарабынан уюштуруучулук колдоо төмөнкүдөй учурларда көрсөтүлүүгө тийиш:
- ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө;
- зарыл болгон ченемдик документтерди (стандарттарды, ченемдерди, методикалык сунуштамаларды ж.б.) иштеп чыгууда;
- консультация формасында;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында башка формаларда.
5.2.2. Маалыматтык колдоо
Маалыматтык колдоонун негизги милдети Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасынын өнүгүшүн камсыз кылуунун маалыматтык системасын түзүү болуп саналат, ал төмөнкүлөргө таянат:
- министрликтердин, ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтык ресурстарына;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана консулдуктарынын маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүнө;
- Кыргыз Республикасы мүчөлүктө турган эл аралык жана региондор аралык финансылык бирикмелердин маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүнө.
Бул багыттардагы мамлекет тарабынан маалыматтык колдоо ушул Концепцияда коюлган милдеттерди чечүү үчүн күчтөрдү жана ресурстарды натыйжалуу мобилизациялоого мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын туруктуу өнүктүрүү үчүн ишке ашырылышы зарыл болгон чаралардын тизмеси маалымдуулукту жогорулатууну, жеткиликтүү маалыматтын жана үгүт иштеринин көлөмүн көбөйтүүнү, билим берүү жана маалыматтык борборлорду ачууну камтыйт. VI. Күтүлүүчү натыйжалар Концепция төмөнкү натыйжаларга жетишүү жолу менен натыйжалуу экономикалык платформаны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү берет:
1) исламдык принциптер боюнча акча-кредит саясатынын куралдарын ишке киргизүү;
2) мамлекеттик/корпоративдик исламдык баалуу кагаздарды - сукукту чыгаруу;
3) иштеп жаткан салттуу мамлекеттик/жеке камсыздандыруу компанияларында исламдык камсыздандыруу компанияларын түзүү жана/же "исламдык терезелерди" ачуу;
4) исламдык финансыларды жана адал индустриясын интеграциялоо;
5) мамлекеттик деңгээлде жогорку кесипкөй жана көз карандысыз Шариаттык байкоочу кеңешти түзүү;
6) мамлекеттик деңгээлде зекет фондун түзүү;
7) вакф маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды түзүү;
8) Исламдык экономика жана финансы илимий изилдөөлөр борборун ачуу.
VII. Концепцияны ишке ашыруучу механизмдер жана финансылык ресурстар Концепцияны ишке ашыруу механизмдери:
- Концепциянын милдеттерин аткарууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу максатында мамлекеттин жана бардык кызыкдар тараптардын күч-аракеттерин бириктирүү;
- Концепцияны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды өз убагында кабыл алууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдардын, рыноктун катышуучуларынын жана эл аралык инвестициялык коомчулуктун активдүү өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- Концепциядан келип чыккан иш-чараларды ишке ашырууга бардык кызыкдар тараптарды тартуу, эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү;
- Концепцияны ишке ашыруунун натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, кызыкдар жана жооптуу тараптарга отчетторду берүү;
- Концепцияны ишке ашыруу үчүн материалдык-техникалык жана финансылык каражаттарды өз убагында камсыз кылуу.
Концепцияда коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу жана чечүү максатында баштапкы этапта ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү боюнча донорлорду жана эл аралык өнөктөштөрдү колдоого тартуу боюнча ресурстарды мобилизациялоо, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдын ишин жүзөгө ашыруу үчүн бөлүнгөн, каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен пландалууда. Акырындык менен бардык секторлордун толук иштешинде ислам экономикалык платформасы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн кыйла туруктуу моделин камсыз кылуучу, өзүн-өзү каржылоочу экосистема болуп калат. Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуунун жүрүшүндө Концепциянын негизги багыттары боюнча донордук коомчулуктун катышуусун аныктоо пландалууда. VIII. Мониторинг жана баалоолорду жүргүзүү Ушул Концепцияны иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) алдыдагы 5 жылга иштелип чыккан. Планда конкреттүү чаралар, жооптуу аткаруучулар жана аларды аткаруу мөөнөттөрү каралат. Пландын иш-чараларын ишке ашыруу алгач донордук каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Ушул Концепцияны ишке ашыруу боюнча конкреттүү чаралардын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруу прогрессине көз салуунун натыйжалуу куралы болуп калат, ал төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:
- ушул Концепциянын артыкчылыктарын илгерилетүү процессине түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча алдын ала чечимдерди кабыл алууга;
- алардын өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирине баалоо жүргүзүүгө. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Концепцияны ишке ашыруу жана өнүктүрүү Планын аткаруу процесстерине мониторинг, талдоо үзгүлтүксүз жүргүзүлөт жана алардын негизинде тиешелүү сунуштар киргизилет.
Алынган натыйжалардын негизинде ишке ашыруунун кийинки кадамдары, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, донордук коомчулук менен күч-аракеттерди координациялоону жакшыртуу жана бардык кызыкдар тараптардын: мамлекеттин, бизнес-коомчулуктун, коомчулуктун жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн күтүүлөрүн кыйла толук канааттандыруу менен альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү тандоо боюнча ыкчам чечимдер кабыл алынат. Орто мөөнөттүү баалоонун жыйынтыгы боюнча Планга тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Жыйынтыктоочу баалоонун натыйжалары кийинки мезгилге стратегиялык документти иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн негиз болот.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (11)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз…Постановление · 25.12.2021 · № 352
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 3-мартындагы № 87-т (2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясын…Распоряжение · 03.03.2023 · № 87-р
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2022-жылдын 11-майындагы № 338 "Кыргыз Республикасында ислам экономикасы жана финансысынын региондук борборун түзүү боюнча ведомстволор аралык…Распоряжение · 11.05.2022 · № 338
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- 2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын…Закон · 02.12.2019 · № 131
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 385 "Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.06.2015 · № 385 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөЗакон · 23.07.1998 · № 96 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 25 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1
- Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү Концепциясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 385 токтому менен бекитилген)Концепция · 22.06.2015 · № 385
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон