# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы N 89-т (Калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларына даярдык көрүү жана өткөрүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы N 89-т (Калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларына даярдык көрүү жана өткөрүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 89-р
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18766/edition/1233552/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219481.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы N 89-т (Калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларына даярдык көрүү жана өткөрүү тууралуу) тескемеси (09.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219481

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 265-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 3-марты № 89-т Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, "Жашыл мурас" улуттук кампаниясын ийгиликтүү өткөрүү, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду азыркы жана келечек муундар үчүн сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин алдын алуу жана жашыл бак-дарактардын аянтын көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) жыл сайын 1-мартка чейин калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдарды түзсүн.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча):

- токой чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык бак-дарак породаларынын көчөттөрүн отургузуу, сугаруу, коргоо жана кам көрүү, аларды сактоону жана өнүмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча чараларды көрсүн;

- бак-дарак, бадал өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн отургузуу үчүн аянттарды тандоону жана токой массивдерин түзүүнү камсыз кылсын;

- жыл сайын жана квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин алардын өнүмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине бак-дарактардын породаларынын көчөттөрүн отургузуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө (отургузулган аянттардын бурчтук чекиттеринин координаттарын жана жооптуу адамдарды көрсөтүү менен) жыйынды маалыматты берип турсун.

3. "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин токой чарбаларындагы жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик жаратылыш парктарындагы бак-дарак породаларынын көчөттөрүн сатып алууга министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго каражаттарды бөлүүнү камсыз кылсын.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ошондой эле уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон ишканалар, мекемелер, уюмдар жана чарбалык субъекттер Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин токой чарбаларындагы жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик жаратылыш парктарындагы бак-дарак породаларынын көчөттөрүн сатып алууга каражаттарды өз алдынча бөлүүнү камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:

- жашылдандыруу максатында сатып алуу үчүн арналган зарыл болгон көчөт материалы, бак-дарак породаларынын көчөттөрүнүн болушу жана саны жөнүндө маалыматтар менен камсыз кылсын;

- дарак породаларынын көчөттөрүн отургузуу жана аймактарды жашылдандыруу маселелеринде консультациялык колдоо көрсөтсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана жеке сектордо жыл сайын бак-дарак породаларынын көчөттөрүн отургузуу, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү үчүн жашылдандыруу иштери боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө мониторингди жүзөгө ашырсын;

- жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына бак-дарак породаларынын көчөттөрүнүн өсүшүнө, сакталышына жана өнүмдүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары тууралуу жыйынды маалыматты берип турсун.

7. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, сугаруу, кам көрүү жана отургузулгандардын өнүмдүүлүгү боюнча иштерди сапаттуу жана өз убагында аткаруусу үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
