Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПТ № 26 (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын президиумунун курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 22-февралы ПТ № 26 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө жобонун 8-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын президиумунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 11-ноябрындагы № 205 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын президиумунун КУРАМЫ
Абдрахматов Канатбек Ермекович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор;
Абдырахманов Толобек Абылович
-
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору, профессор;
Акматалиев Абдылдажан Амантурович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор;
Арбаев Кубан Султанович
-
ветеринария илимдеринин доктору, профессор;
Асанов Авыт
-
физика-математика илимдеринин доктору, профессор;
Асизбаев Рустам Эмилжанович
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары - башкы окумуштуу катчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор;
Баетов Батыркул Исаевич
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын коомдук башталыштагы кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор;
Боконбаев Кулубек Джоомартович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор;
Борубашев Бекбосун Ишенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, юридика илимдеринин доктору, профессор;
Дженбаев Бекмамат Мурзакматович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун биогеохимия жана радиоэкология лабораториясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, биология илимдеринин доктору, профессор;
Джумагулова Айнагуль Сексеналиевна
-
медицина илимдеринин доктору, профессор;
Ишекеев Назаркул Ишекеевич
-
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор;
Камчыбеков Толобек Кадыралиевич
-
экономика илимдеринин доктору, профессор;
Мамытов Миталип Мамытович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор;
Мукасов Ысманалы Мукасович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А.А.Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун улуттук жана чет өлкөлүк философия бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, философия илимдеринин доктору, профессор;
Сатывалдиев Абдураим
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технология институтунун директору, химия илимдеринин доктору, профессор;
Тыналиева Бакыт Карыбековна
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы, медицина илимдеринин доктору, профессор.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 377 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө" жарлыгыУказ · 02.09.2021 · № 377 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 377 Жарлыгына)Положение · 02.09.2021 · № 377 · Күчүн жоготкон