# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 59-т "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарына карата талаптарды бекитүү тууралуу жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 59-т "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарына карата талаптарды бекитүү тууралуу жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 59-р
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219468>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18755/edition/1229134/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219468.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 59-т "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарына карата талаптарды бекитүү тууралуу жөнүндө" тескемеси (01.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219468

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 17-февралы № 59-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 704-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарына талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомстволук веб-сайттарын ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген Талаптарга ылайык келтирсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 704-т тескемесинин редакциясына ылайык)

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
