Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Автомобиль жолдору муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 10-февралы № 42-т Калктуу конуштарда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун төмөнкү автомобиль жолдору муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун:
- Жаңы-Жол айыл аймагынын узундугу 6 км болгон "Жаңы-Жол - Кой-Таш" автомобиль жолу;
- Кашка-Суу айыл аймагынын узундугу 10 км болгон "Кашка-Суу - Өлөң-Булак" автомобиль жолу;
- Ак-Жол айыл аймагынын узундугу 7 км болгон "Ак-Жол - Жолборсту" автомобиль жолу;
- Ак-Жол айыл аймагынын узундугу 6 км болгон "Тегене - Сөгөт" автомобиль жолу;
- Авлетим айыл аймагынын узундугу 9 км болгон "Авлетим - Товар-Сай" автомобиль жолу.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолдорун оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун каражаттарынын эсебинен оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон