# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 7-февралындагы № 66 ("Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКнун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 7-февралындагы № 66 ("Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКнун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18737/edition/1250809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 7-февралындагы № 66 ("Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКнун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо тууралуу) тескемеси (07.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219445

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2023-жылдын 7-февралы № 66 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 775 тескемеси менен мурда дайындалган Дикамбаев Азамат Шамильевич "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан бошотулсун.

2. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

- Аким уулу Азамат;

- Джаманкулов Данияр Нургазыевич;

- Осмонова Айнура Шермаматовна.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз чогулушун белгиленген тартипте өткөрсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
