Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын («Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКнун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2023-жылдын 7-февралы № 66 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 775 тескемеси менен мурда дайындалган Дикамбаев Азамат Шамильевич "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан бошотулсун.
2. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
- Аким уулу Азамат;
- Джаманкулов Данияр Нургазыевич;
- Осмонова Айнура Шермаматовна.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз чогулушун белгиленген тартипте өткөрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122