# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 35-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 35-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 35-р
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219442>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18735/edition/1223952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219442.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 35-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси (02.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219442

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 2-февралы № 35-т Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына төмөнкүдөй максатта жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

- тик бурчтуу координаттар системасындагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан Кара-Кабак-Балыкты көмүр кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү:

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

13302260

4396050

2

13307180

4397220

3

13310850

4400190

4

13311640

4398060

5

13306570

4395150

6

13303060

4394990

Аянты 1607 га

- тик бурчтуу координаттар системасындагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Бешбурхан күрөң көмүр кенин иштетүү:

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

13266785

4456645

2

13269655

4457940

3

13269850

4457765

4

13267990

4455885

5

13266998

4455300

6

13266790'

4455360

7

13266645

4455715

Аянты 316 га

- тик бурчтуу координаттар системасындагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан Көк-Жаңгак көмүр кенинин Маркай участогун иштетүү:

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Y

1

13349782

4537307

2

13350475

4538386

3

13351104

4538313

4

13351423

4537480

5

13351256

4537556

6

13351081

4537718

7

13350882

4537662

8

13350998

4536988

9

13351260

4537074

10

13351400

4536219

11

13351367

4536036

12

13350075

4535820

Аянты 292 га

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
