# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №28-т (Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жана Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна Протоколдун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №28-т (Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жана Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна Протоколдун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 28-р
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18718/edition/1219486/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №28-т (Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жана Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна Протоколдун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219425

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 25-январы № 28-т

1. Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жана Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна Протоколдун долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине аталган Макулдашуунун жана Протоколдун долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 83-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Долбоор

ПРОТОКОЛ Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюуда төмөндө кол койгондор кийинки жоболор ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелерине макул болду:

I. Жалпы

Мында Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун кирешелер жана капитал жөнүндө Типтүү салыктык макулдашуусунун жобосу менен бирдей же маңызы боюнча окшош ушул Макулдашуунун жоболору ушул Макулдашууну колдонууда аталган маселе боюнча Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун түшүндүрмөлөрүнө ылайык чечмеленет деп болжолдонот. II. 1-беренеге

1. Ушул Макулдашуунун артыкчылыктары Нидерланддарда салыктан бошотулган инвестициялык мекемеге (Vrijgestelde beleggingsinstelling) жайылтылбайт; ошондой эле

2. Башка атайын режимдерге карата Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча мындай өзгөчө режимдин аракетине туш болгон жана Макулдашуучу Мамлекеттин резидентин кандай даражада ушул Макулдашуунун артыкчылыгына укугу жок экендигин чечишет. Кандай гана болбосун мындай Макулдашуу Кыргызстан менен Нидерланддардын ортосунда дипломатиялык каналдар же алардын конституциялык жол-жоболоруна ылайык кандайдыр бир башка жолдор менен алмашылууга тийиш болгон эскертүүлөрдө аныкталышы жана макулдашылышы мүмкүн болгон күндөн тартып күчүнө кирет.

III. 1-пунктка, 3-берененин "е" пунктчасына Эгерде салыктык максаттар үчүн корпоративдик бөлүм катары каралган ишканага Макулдашуучу Мамлекетте салык салынууга тийиш болсо, бирок аталган ишкананын кирешесине экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ушул ишканага катышуудан алынуучу киреше катары салык салынса, анда компетенттүү органдар бир тарабынан кош салык салууну жок кылуучу, ал эми экинчи жагынан ушул Макулдашууну колдонуунун натыйжасында кирешеге (жарым-жартылай) салык салынбай калуу фактысын алдын алуучу чараларды кабыл алат. IV. 5, 6, 7 жана 13-беренелерге Жаратылыш ресурстарын чалгындоо жана казуу укуктары Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлк катары эсептелет, анын деңиз түбүнө жана анын жер казынасына карата бул укуктар колдонулат жана ушул укуктар ушул Мамлекеттеги туруктуу мекеменин активдери катары эсептелет. Мындан тышкары, жогоруда аталган укуктар мындай чалгындоодон же казуудан алынган активдердин пайыздарына же пайдаларына укуктарды ичине камтыйт.

V. 7-беренеге

7-берененин 1 жана 2-пункттарына ылайык Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте продукцияларын же товарларын анда жайгашкан туруктуу мекемеси аркылуу сатса же ишкердик ишин жүзөгө ашырса, анда ушул туруктуу мекеменин пайдасы ишкана алган жалпы сумманын негизинде аныкталбайт, ал мындай сатууларга же ишкердик иштерге карата туруктуу мекеменин факт жүзүндөгү ишине тиешелүү болгон ишкананын кирешесинин ошол үлүшүнүн негизинде аныкталат. Айрыкча, эгерде ишкана кирешеси ошол туруктуу мекемеге тиешелүү болгон туруктуу мекемеге ээ болсо, өнөр жайга, коммерциялык же илимий жабдууга же жайларга же мамлекеттик иштерге тиешелүү изилдөө, жеткирүү, орнотуу жана куруу боюнча контракттар учурунда контракттардын жалпы суммасынын негизинде аныкталбайт, бирок бул туруктуу мекеме жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттеги туруктуу мекеменин иши факт жүзүндө аткарылган контракттын бөлүгүнүн негизинде гана аныкталат. VI. 7 жана 14-беренелерге Техникалык тейлөө, анын ичинде илимий, геологиялык же техникалык мүнөздө изилдөө же консультациялык же контролдук тейлөө үчүн алынган төлөмдөр 7-берене же 14-берене колдонулуучу төлөмдөр деп эсептелет. VII. 10 жана 12-беренелерге Эгерде булактан алынуучу салык 10 жана 12-беренелердин жоболоруна ылайык төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасынан ашып кетсе, анда салыктын ашыкча суммасын кайтаруу жөнүндө арыз ошол салык алынган календардык жыл аяктагандан кийин беш жылдын ичинде ушул салык алынган мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилүүгө тийиш. VIII. 10 жана 13-беренелерге Компаниянын жоюудан (жарым-жартылай) же компаниянын өзүнүн акцияларын сатып алуудан алган кирешеси, капиталдын өсүшүнөн эмес, акциялардан алынган киреше деп эсептелет. IX. 16-беренеге Нидерланд компаниясынын "bestuurder" же "commissaris" болуп акционерлердин жалпы чогулушунда же ушул компаниянын кайсы болбосун башка компетенттүү органы жана компанияны жалпы башкарууга жетекчилик кылуучулар жана тийиштүү түрдө контролдоочулар тарабынан дайындалган жактар эсептелет.

X. 24-беренеге

Мамлекеттердин компетенттүү органдары, ошондой эле 24-беренеде каралгандай өз ара макулдашуу жол-жобосунун натыйжасында жетишилген бардык макулдашуулар тууралуу макулдаша алышат, эгерде бул зарыл болсо, алардын тиешелүү улуттук мыйзамдарына карабастан жогоруда аталган макулдашуунун натыйжасында кошумча салык алынган мамлекет ушул кошумча салык салууга тиешелүү эч кандай көбөйтүүлөрдү, үстөктөрдү, пайыздарды жана чыгымдарды албайт, эгерде макулдашуунун натыйжасында салыктар тиешелүү төмөндөгөн экинчи мамлекетте ушул салыктарды төмөндөтүүгө тийиштүү кандайдыр бир пайыздарды төлөөдөн карманат. XI. 25-беренеге 25-берененин жоболору Кыргызстандын жана Нидерланддардын кирешелери жөнүндө жоболорго ылайык колдонулат. МУНУ ЫРАСТОО ҮЧҮН Макулдашуучу Тараптар ыйгарым укук берген төмөндө кол койгондор ушул Протоколго кол коюшту.

20\_\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында, кыргыз, нидерланд, англис жана орус тилдеринде эки түп нускада ТҮЗҮЛДҮ, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.

Кыргыз Нидерланддар

Республикасы үчүн Королдугу үчүн

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Долбоор

Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасы жана Нидерланддар Королдугу, Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жөнүндө макулдашууну түзүүгө ниеттенип, салык төлөөдөн качуу жолу менен (анын ичинде ушул Макулдашууда каралган жеңилдиктерди алууга багытталган макулдашууларды түзүү жолу менен, үчүнчү юрисдикциянын резиденттеринин кыйыр пайдасы үчүн) салыктык эмес же жеңилдетилген салык салуу же салык төлөөдөн качуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзбөстөн; төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: I глава. Макулдашуу колдонулуучу чөйрө 1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденттери болуп саналган жактарга карата колдонулат. 2-берене. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар

1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин, же анын саясий же административдик бөлүмдөрүнүн, же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу киреше салыгына карата аларды алуунун ыкмасына карабастан колдонулат.

2. Киреше салыгы болуп кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү ажыратуудан алган кирешенин салыктары, ишканалар төлөгөн маянанын же эмгек акынын жалпы суммасынан алынуучу салыктарды, ошондой эле капиталдын өсүүсүнөн түшкөн кирешеден алынуучу салыктарды кошкондо кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин элементтеринен алынуучу бардык салыктар эсептелет.

3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган колдонуудагы салыктар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

а) Кыргыз Республикасында:

- юридикалык жактардан киреше жана пайда салыктары; жана

- жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы;

(мындан ары "кыргыз салыктары" деп аталат); жана

б) Нидерланддарда:

- киреше салыгы;

- эмгек акыга салык;

- ишканалардан салык, анын ичинде жер казынасы жөнүндө мыйзамга ылайык алынуучу жаратылыш ресурстарын иштетүүдөн түшкөн таза пайданын мамлекеттик үлүшү;

- дивиденддерге салык;

- булактан алынган салык

(мындан ары "нидерланддар салыктары" деп аталат).

4. Ушул Макулдашуу толуктоо катары же колдонуудагы салыктардын ордуна Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып алына турган ушул сыяктуу же маңызы боюнча окшош бардык салыктарга карата да колдонулат. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн салык мыйзамдарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлашат.

II глава. Аныктамалар 3-берене. Жалпы аныктамалар

1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн, эгер контекст боюнча башка талап кылынбаса:

а) "Макулдашуучу Мамлекет" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекет" деген терминдер Кыргыз Республикасын жана контекстке жараша Нидерланддарга карата Нидерланддар Королдугун түшүндүрөт;

б) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан жана анда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуп жаткан аймакты билдирет;

в) "Нидерланддар" деген термин Европада жайгашкан Нидерланддар Королдугунун бөлүгүн, анын аймактык деңиздери жана аймактык деңизге жанаша жайгашкан районду кошуп түшүндүрөт, анда Нидерланддар Королдугу эл аралык укуктарга ылайык деңиз түбүнө, анын кендерине жана кошумча чектеш сууларга жана анын жаратылыш ресурстарына карата юрисдикциясын же суверендүү укуктарын жүзөгө ашырат;

г) "жак" деген термин жеке адамды, компанияны жана жактардын ар кандай башка бирикмесин камтыйт;

д) "компания" деген термин ар кандай корпоративдик бирикмени же салык салуу максатында корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай ишкананы түшүндүрөт;

е) "Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүү түрдө биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;

ж) "эл аралык ташуулар" деген термин Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы иштеткен деңиз же аба кемелери, же жер бетиндеги транспорт каражаттары менен ар кандай ташууларды билдирет, буга деңиз же аба кемелери же жер бетиндеги транспорт каражаттары экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин пункттарынын ортосунда гана иштетилген учурлар кирбейт;

з) "улуттук жак" деген термин төмөнкүлөрдү билдирет:

(i) Кыргызстандын учурунда, Кыргызстандын жарандыгы бар ар кандай жеке жак жана Кыргызстанда колдонуудагы мыйзамдардын негизинде өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жак, өнөктөштүк же ассоциация; (ii) Нидерланддардын учурунда, Нидерланддар Королдугунун жарандыгына ээ болгон ар кандай жеке жак жана Нидерланддарда колдонулуучу мыйзамдардын негизинде өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жак, өнөктөштүк же ассоциация;

и) "компетенттүү орган" деген термин төмөнкүлөрдү билдирет:

(i) Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн; (ii) Нидерланддарда - финансы министрин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн.

2. Макулдашуучу Мамлекет ушул Макулдашууну ар кандай учурда колдонууда мында аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контекстте башкасы талап кылынбаса, Макулдашуунун күчү жайылтылган ушул мамлекеттин салык салуу боюнча мыйзамдарына ылайык ошол кездеги мааниси кандай болсо, ошол мааниде болот, ошону менен бирге ушул Макулдашуучу Мамлекеттин колдонуудагы салык мыйзамдарына ылайык ар кандай мааниси ушул мамлекеттин башка мыйзамдарында аталган терминге берилген мааниден артыкчылыктуу болот.

4-берене. Резидент

1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти" деген термин ошол Мамлекеттин мыйзамына ылайык жашаган жери, туруктуу турган жери, башкаруу орду же ушундай мүнөздөгү башка критерийлердин негизинде салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты түшүндүрөт, ошондой эле ушул мамлекетти жана анын ар кандай башка саясий же административдик бөлүнүшүн же жергиликтүү бийлик органдарын камтыйт. Бирок аталган термин бул мамлекеттеги булактардан алынган кирешелерге карата бул мамлекеттеги салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт.

2. Эгерде 1-пункттун жоболору боюнча кандайдыр бир жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анда анын статусу төмөнкүдөй аныкталат:

а) бул жак туруктуу турак жайга ээ болгон мамлекеттин гана резиденти болуп эсептелет; эгер ал эки мамлекетте тең туруктуу турак жайга ээ болсо, ал жеке жана экономикалык жактан тыгыз байланышка (турмуштук кызыкчылыгынын борборуна) ээ болгон мамлекеттин гана резиденти болуп саналат;

б) эгерде анын турмуштук кызыкчылыгынын борбору боло турган мамлекет жак үчүн аныкталбаса же эгер анын бул мамлекеттердин биринде дагы туруктуу турак жайы болбосо, анда кадимки өзү жашаган жери бар мамлекеттин гана резиденти болуп эсептелет;

в) эгерде анын эки мамлекетте тең кадимки жашаган жери болсо же анын биринде да жашабаса, анда ал өзү кайсы мамлекеттин жараны болуп эсептелсе, ошол Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналат;

г) эгерде аталган жак эки мамлекеттин тең жараны болуп эсептелсе же экөөнүн тең жараны болбосо, анда Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечет.

3. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак болуп саналбаган жак Макулдашуучу Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп саналса, анда ал иш жүзүндө башкаруучу органы жайгашкан Мамлекеттин гана резиденти болуп саналышы керек.

5-берене. Туруктуу мекеме

1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин ишкананын иши толук же жарым-жартылай жүргүзүлгөн туруктуу ордун билдирет.

2. Алсак, "туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) башкаруу орду;

б) бөлүм;

в) кеңсе;

г) завод;

д) өнөркана;

е) шахта, нефть же газ скважинасы, карьер же жаратылыш ресурстары казылуучу ар кандай башка жерлер; жана

ж) айыл чарба, жайыт жана токой менчиги.

3. Ошондой эле "туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү да камтыйт:

а) курулуш аянты, куруу, монтаждоо же куроо объекти же алар менен байланышкан көзөмөлдөөчү иш, бирок эгер ушундай аянт же объект же ушундай иш 12 айдан ашык улантылган учурда гана;

б) консультациялык кызматтарды кошкондо, ишкананын кызматкерлери же ишкана ушундай максаттар үчүн жалдаган башка персоналдары аркылуу кызматтарды көрсөтүү, бирок эгер мындай мүнөздөгү (ушундай же аны менен байланышкан долбоор үчүн) иштер өлкөнүн аймагында ар кандай 12 айлык мезгилдин аралыгында жалпысынан тогуз айдан ашык мезгил ичинде улантылганда гана.

4. Ушул Берененин мурдагы жоболоруна карабастан "туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү камтыбайт:

а) курулмаларды жалаң гана ишканага таандык товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында пайдаланууну;

б) ишканага таандык товарлардын же буюмдардын запастарын жалаң гана сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында кармоону;

в) ишканага таандык товарлардын жана буюмдардын запастарын башка ишканаларда кайра иштетүү максаттарында гана кармоону;

г) иштин туруктуу иш ордун жалаң гана товарларды жана буюмдарды сатып алуу же болбосо ишкана үчүн маалымат чогултуу максатында кармоону;

д) иштин туруктуу иш ордун ишкана үчүн даярдоочу же жарнама, илимий изилдөө сыяктуу көмөкчү мүнөздөгү башка ар кандай ишти жүргүзүү максатында кармоону;

е) иштин туруктуу ордунун жыйынтыкталган иши ошол иштин айкалышуусунун натыйжасында даярдоочу же көмөкчү мүнөздө болгон шартта "а" - "с" пунктчаларында аталган ар кандай иштердин түрүн айкалыштыруу үчүн гана иштин туруктуу ордун кармоону.

5. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, эгерде көз каранды эмес статусу бар агенттен башка, 6-пункт колдонулуучу жак биринчи Макулдашуучу Мамлекетте экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын атынан келишимдерди түзүүгө берилген укук менен аракеттенсе, эгер ал жактын иш-аракети 4-пунктта айтылган, туруктуу иштөөчү жерде аткарылганда ошол туруктуу иштөөчү жерди ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айлантпоочу иштер менен чектелсе, анда ал ишкана биринчи Мамлекетте туруктуу иштөөчү мекемеси бар жана ал мекеменин бардык иштерин ушул жак аткаруучу ишкана катары каралат.

6. Ишкана ишкердикти ушул мамлекетте брокер, комиссионер же көз карандысыз статусу бар башка ар кандай агент аркылуу, аталган жактар өзүнүн демейдеги бизнесинин алкагында иштеген шартта жүргүзгөндүктөн гана Макулдашуучу Мамлекеттин бириндеги туруктуу мекеме катары каралбайт.

7. Макулдашуучу Мамлекеттин биринин резиденти болуп эсептелген компания контролдосо же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан контролдонсо же ушул башка мамлекетте иш жүргүзсө (туруктуу мекеме аркылуу же башка жол менен), ал өз алдынча ушул компаниялардын бирин башка компаниянын туруктуу мекемеси катары аныктабашы керек.

III глава. Кирешеге салык салуу 6-берене. Кыймылсыз мүлктөн киреше

1. Биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекетте болгон кыймылсыз мүлктөн алган кирешеге (анын ичинде айыл чарбасынан жана токой чарбасынан алган кирешеге) ушул экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин каралып жаткан мүлк жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарындагы түшүнүктөгү мааниге ээ. Бул термин ар кандай учурларда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү катары болгон мүлктү, малды, айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу жабдууларды, жер менчигине карата жалпы мыйзамдардын жоболору колдонулуучу укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктусун жана минералдык запастарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүүгө укуктарды же иштетүү үчүн сыйлоо катарындагы өзгөрмө же бекитилген төлөмдөргө болгон укуктарды камтыйт; кемелер, кайыктар жана аба кемелери, жол транспорт каражаттары кыймылсыз мүлк катары каралбайт.

3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же аны кандайдыр бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешелерге карата колдонулат.

4. 1 жана 3-пункттардын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн алынган кирешелерге жана көз карандысыз жеке кызматтарын көрсөтүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлктөн алынган кирешелерге карата да колдонулат.

7-берене. Ишкердиктен түшкөн пайда

1. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына ошол мамлекетте гана салык салынат, буга аталган ишкана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик ишти жүзөгө ашырган учурлар кирбейт. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик ишин жүргүзсө, ишкананын пайдасына экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок мындай туруктуу мекемеге таандык болгон бөлүгүнө гана тиешелүү болот.

2. 3-пункттун жоболоруна ылайык Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик ишин жүзөгө ашырса, анда ар бир Макулдашуучу Мамлекетте, ал ушундай эле же ушул сыяктуу шарттарда ушуга окшогон иш жүргүзсө жана өзү туруктуу мекемеси болуп эсептелген ишканага толук көз каранды болгон ушул сыяктуу шарттарда аракеттенсе, ушул туруктуу мекеменин пайдасы ага таандык кылынат.

3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо ушундай туруктуу мекеменин максаттары үчүн тартылган чыгымдарды, анын ичинде ушул чыгымдардын туруктуу мекеме жайгашкан жердеги мамлекетте же башка жерде келтирилгендигине карабастан, башкаруучу жана жалпы административдик чыгымдарды эсептен чыгарып салууга жол берилет.

4. Эгерде Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеге таандык кылынган пайдасы ишкананын пайдасынын жалпы суммасын ар кандай бөлүмдөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкталса, бул Макулдашуучу Мамлекетке 2-пунктта ушундай бөлүштүрүү аркылуу салык салынуучу пайданы аныктоого эч нерсе тоскоол болбойт; бирок пропорциялык бөлүштүрүү методу натыйжада ушул Беренеде баяндалган принциптерге ылайык келүүгө тийиш.

5. Ушул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн товарларды же буюмдарды сатып алуунун себеби боюнча туруктуу мекемеге эч кандай пайда эсептелбейт.

6. Мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге тийиштүү пайда аны өзгөртүү үчүн кескин жана жетишерлик негиздеги себеби болбосо, жыл сайын бир гана ыкма менен аныкталат.

7. Эгерде пайда ушул Макулдашуунун башка Беренелеринде өзүнчө каралган кирешелердин түрүн камтыса, анда бул Беренелердин жоболору ушул Берененин жоболоруна таасирин тийгизбейт.

8-берене. Эл аралык ташуулар

1. Деңиз, аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын эл аралык ташууларда пайдалануудан алынган биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына ошол мамлекетте гана салык салынат.

2. Ушул Беренени аткаруу үчүн эл аралык ташууларда деңиз, аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын пайдалануудан алынган пайда төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) эл аралык ташууда пайдаланылуучу бербоуттун негизинде суу кемелерин, аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын ижарага берүүдөн алынуучу пайданы;

б) эл аралык ташууда пайдаланылуучу контейнерлерди (анын ичинде чиркегичтер жана контейнерлерди ташуу үчүн коштоочу жабдуулар) пайдалануудан же ижарага берүүдөн алынган пайданы;

эгерде мындай пайда 1-пункттун жоболору колдонулуучу пайдага карата экинчи даражада болсо.

3. 1-пункттун жоболору жалпы фондго, биргелешкен ишканаларга же пайдалануу боюнча эл аралык уюмдарга катышуудан алынган пайдага да колдонулат.

9-берене. Ассоциацияланган ишканалар

1. Эгерде:

а) Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; же

б) бир эле жактар Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса жана ар бир учурда эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык же финансылык мамилелеринде эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы боло турган мамилелерден айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ишканалардын биринин эсебине чегериле турган, бирок бул шарттардын бар экендигинен ага чегерилбеген ар кандай пайда, тийиштүү түрдө бул ишкананын пайдасына киргизилет жана салык салынат. Ассоциацияланган ишкана чыгымдарды биргеликте жабуу жөнүндө макулдашуу же жетектөөчү, жалпы административдик, техникалык жана коммерциялык, изилдөөгө, өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды жана ушуга окшогон чыгымдарды бөлүштүрүү үчүн же анын негизинде сервистик макулдашуу сыяктуу келишимдерди түзүшөт, мурдагы сүйлөмдө айтылгандар өзүнөн-өзү шарт болуп саналбайт.

2. Биринчи Макулдашуучу Мамлекет бул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салууга дуушар болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасын киргизген жана тийиштүү түрдө салык салган учурда, ушундай түрдө киргизилген пайда биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда болуп саналат, эгер эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы шарттардай болсо, анда бул экинчи Макулдашуучу Мамлекет бул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизет. Мындай түзөтүүлөрдү аныктаганда ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш, ал эми Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл болгон учурда бири-бири менен консультацияларды өткөрүшөт.

10-берене. Дивиденддер

1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү дивиденддерге мына ушул башка Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

2. Бирок мындай дивиденддерге да ошол Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык дивиденддерди төлөгөн компания резидент болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынуучу салык төмөнкүдөн ашпайт:

а) эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси дивиденддерди төлөгөн компаниянын капиталынын кеминде 25%ына түздөн-түз ээлик кылган компания (шериктештиктен башка) болуп саналса, дивиденддердин жалпы суммасынын 5%ы;

б) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын 15%ы.

Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушул чектөөлөрдү колдонуунун ыкмаларын белгилешет. Бул пункт дивиденддер төлөнө турган пайдага карата компанияга салык салууну камтыбайт.

3. Ушул Беренеде пайдалануу үчүн "дивиденддер" деген термин акциялардан, "жуиссанс" акцияларынан же "жуиссанс" укуктарынан, кен казып алуу өнөр жайынын акцияларынан, уюштуруучулардын акцияларынан же карыздык милдеттенмелер болуп эсептелбеген, пайдага катышкан башка укуктардан түшкөн кирешелерди, ошондой эле башка корпоративдик укуктардан жана пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салуу жаатында акциялардан түшкөн кирешелерге теңдештирилген кирешелерди билдирет.

4. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуу менен дивиденддерди төлөөчү компания резидент болуп эсептелген экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзсө, же анда жайгашкан туруктуу базадан ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг чындыгында эле ушундай туруктуу мекеме же ушундай база менен байланыштуу болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша ушул Макулдашуунун 7 же 14-беренелеринин жоболору колдонулат.

5. Эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен пайда же киреше алса, эгерде мындай дивиденддер ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнгөн же болбосо дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг мына ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге же туруктуу базага чынында эле таандык кылынган учурларды кошпогондо, анда ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекет компанияга төлөнгөн дивиденддерден ар кандай салыкты ала албайт, ошондой эле эгерде төлөнгөн дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда толугу менен же жарым-жартылай ошол башка Макулдашуучу Мамлекетте алынган пайдадан же кирешеден болсо да, компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына салык салынбайт.

6. 1, 2 жана 5-пункттардын жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган жана жүрүүсүн токтоткондон кийин биринчи аталган Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан ушул Макулдашуунун 13-беренесинин 5-пунктуна ылайык капиталдын наркынын өсүшүнө салык салынуучу жакка төлөнгөн дивиденддерге ушул Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык капиталдын өсүү наркын баалоо аяктаганга чейин гана ушул Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

11-берене. Пайыздар

1. Макулдашуучу Мамлекетте пайда болуучу жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

2. Бирок мындай пайыздарга алар пайда болгон Макулдашуучу Мамлекетте жана ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде алуучу иш жүзүндө пайыздардын ээси болуп туруп экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, анда мындай мүнөздө алынган салык пайыздардын жалпы суммасынын 5%ынан ашпайт. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушул пунктту жана 3-пунктту колдонуу ыкмасын белгилешет.

3. 2-пункттун жоболоруна карабастан, 1-пунктта айтылган ар кандай пайыздарга алуучу резидент болуп саналган Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн, эгерде мындай алуучу иш жүзүндө пайыздардын ээси болсо жана төмөнкүдөй талаптардын бири канааттандырылса:

i) төлөөчү тарап же пайыздарды алуучу болуп Макулдашуучу Мамлекет, мамлекеттик орган, саясий же административдик бөлүм же жергиликтүү бийлик органы же Макулдашуучу Мамлекеттин Улуттук банкы саналса;

ii) Макулдашуучу Мамлекет, Макулдашуучу Мамлекеттин улуттук банкы же башка агенттик же Макулдашуучу Мамлекетке таандык же анын контролунда турган мекеме (финансылык мекемени кошо алганда) берген, бекиткен, кепилденген же камсыздалган карыздарга карата төлөнгөн пайыздар; iii) ар кандай өнөр жай, коммерциялык же илимий жабдууларды кредитке сатууга байланыштуу төлөнгөн пайыздар; iv) бир ишкананын башка ишканага ар кандай товарларды кредитке сатышына байланыштуу төлөнгөн пайыздар.

4. "Пайыздар" деген терминди ушул Беренеде пайдаланганда күрөө менен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган, карызкордун пайдасына катышууга укук берген же бербеген ар кандай түрдөгү карызды талап кылуудан түшкөн кирешелерди, атап айтканда, ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сыйлыктарды жана утуштарды билдирет. Ушул Берененин максаты үчүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айыптар пайыздар катары каралбайт.

5. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуу менен экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар келип чыккан мамлекетте ишкердик жүргүзсө, же болбосо мына ушул экинчи мамлекетте жайгашкан туруктуу базадан пайыздар төлөнүп жаткан карыздык талаптарды жана көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, алар чынында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланыштуу болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша ушул Макулдашуунун 7-беренесинин же 14-беренесинин жоболору колдонулат.

6. Эгерде пайыздарды төлөөчү Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болсо, пайыздар ушул мамлекеттен келип чыкты деп эсептелет. Бирок эгерде пайыздарды төлөөчү жактын Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болгон же болбогондугуна карабастан, Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси же туруктуу базасы болсо, ушуга байланыштуу ал боюнча пайыздар төлөнгөн карыз келип чыкса жана мындай пайыздар ушул туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлөнсө, анда мындай пайыздар туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан мамлекетте келип чыкты деп эсептелет.

7. Эгерде пайыздарды төлөөчү менен иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же экөөнүн же кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу пайыздар төлөнүп жаткан карыздык талапка таандык болгон пайыздын суммасы пайызды төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда ушундай мамилелер жок болгондо макулдашыла турган суммадан ашып кетсе, анда ушул Берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө мурдагыдай эле салык салышат.

12-берене. Роялти

1. Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге ушул экинчи мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.

2. Мында биринчи Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан роялтиге ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, мындай түрдө алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 5 пайызынан ашпоого тийиш. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушул пунктту колдонуунун ыкмасын белгилешет.

3. Ушул Беренеде пайдаланылуучу "роялти" деген термин адабияттын, искусствонун ар кандай чыгармаларына же илимий эмгектерге, анын ичинде кинематографиялык фильмдерге, ар кандай патенттерге, соода маркасына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске болгон автордук укуктарды пайдаланууга же пайдалануу укугуна же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалымат үчүн сыйлык катарында алынуучу ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.

4. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, роялти ошол жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу келип чыкса же болбосо ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу жайгашкан база менен көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, роялти төлөнгөн укук же мүлк иш жүзүндө мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша 7-берененин же 14-берененин жоболору колдонулат.

5. Эгерде төлөөчү Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса, роялти ушул Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон деп эсептелет. Бирок роялти төлөөчү жак Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналганына же саналбаганына карабастан Макулдашуучу Мамлекетте роялти төлөө милдеттенмеси менен байланышкан туруктуу мекемеси же туруктуу базасы бар болсо, ал эми роялти ушул туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышса, анда роялти туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.

6. Эгерде роялтини төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн ортосундагы жана кандайдыр бир башка жак менен өзгөчө мамилелеринин себеби боюнча роялтини төлөөгө негиз болгон пайдаланууга, укукка же маалыматка таандык роялтинин суммасы төлөөчү менен роялтинин иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы макулдашылган суммадан ашып кетсе, мындай мамилелер жок учурда ушул Берененин жоболору акыркы аталган суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө ушул Макулдашуунун башка жоболорун тийиштүү түрдө эске алуу менен ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынат.

13-берене. Капиталдан түшкөн кирешелер

1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан ушул Макулдашуунун 6-беренесинде аныкталган жана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан алынуучу кирешелерге ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

2. Туруктуу мекеменин ишкердик мүлкүнүн бөлүгүн түзүүчү, биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ээ болгон кыймылдуу мүлктү, же көз карандысыз кызматтарды көрсөтүү максатында биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жеткиликтүү болгон туруктуу базага таандык болгон кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге, анын ичинде мындай туруктуу мекемени (өзүнчө же бүтүндөй ишкана менен бирге) же болбосо мындай туруктуу базаны ээликтен ажыратуудан алынуучу кирешелерге ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

3. Эл аралык ташууларда эксплуатациялануучу деңиз, аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын же мындай деңиз, аба кемелерин же жол транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланышкан кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынуучу Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын кирешелерине ошол Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.

4. 1, 2 жана 3-пункттарында аталгандан башка кайсы болбосун мүлктү ажыратуудан алынуучу кирешелерге резиденти мүлктү ажыраткан жак болуп саналган Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.

5. Эгерде жеке жак биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналса жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп калса, 4-пункттун жоболору биринчи аталган мамлекетке анын ички мыйзамдарына ылайык акцияларга, пайданы бөлүштүрүү сертификаттарына, акцияларга жана пайданы бөлүштүрүү сертификаттарына опциондорго жана узуфрукттарга капиталдын өсүшүнө салык салууга, ошондой эле бул жак биринчи аталган Мамлекетте жашаган мезгилде компаниянын карыздык милдеттенмелерине карата талаптарга тоскоолдук кылбоого тийиш. Мындай учурда биринчи аталган Мамлекетте салык салынуучу капиталдын өсүшү экинчи Мамлекет тарабынан капиталдын өсүшүн аныктоодо салыктык базага киргизилбейт.

14-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүүлөр

1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан кесиптик кызмат көрсөтүүлөргө же көз карандысыз мүнөздөгү башка иштерге карата алынган кирешеге, эгерде анын ошол ишти жүзөгө ашыруу максаттары үчүн экинчи Макулдашуучу Мамлекетте үзгүлтүксүз жеткиликтүү туруктуу базасы болбосо, ошол мамлекетте гана салык салынат. Эгерде анын мындай туруктуу базасы болсо, кирешеге экинчи мамлекетте ошол туруктуу базага тиешелүү бөлүгүндө гана салык салынышы мүмкүн.

2. "Кесиптик кызмат көрсөтүүлөр" термини, тактап айтканда көз карандысыз илимий, адабий, көркөм, билим берүү же окутуу ишин, ошондой эле врачтардын, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз иштерин камтыйт.

15-берене. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүүлөр

1. Ушул Макулдашуунун 16, 18 жана 19-беренелеринин жоболоруна ылайык жалданып иштөөгө байланыштуу биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти алуучу эмгек акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргө, эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишке ашырылбаса, ошол мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундайча жүзөгө ашырылса, мындай жумуштуулуктун натыйжасында алынган сый акыга ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылган жалданып иштөөгө карата алган сый акысына биринчи аталган мамлекетте гана салык салынат, эгерде:

а) каралып жаткан салык жылында башталган же аяктаган бардык он эки айдын ичинде жалпысынан 183 күндөн ашпаган мезгилде; жана

б) сый акы экинчи мамлекеттин резиденти болуп саналбаган жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана

в) сый акы төлөө боюнча чыгымдарды жалдоочунун экинчи мамлекеттеги туруктуу мекемеси же туруктуу базасы тартпаса.

3. Ушул Берененин мурдагы жоболоруна карабастан эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз, аба кемесинин же жол транспорт каражатынын бортунда жүзөгө ашырылуучу жалданып иштөөгө байланыштуу биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти алуучу сый акыга ошол Мамлекетте гана салык салынат.

16-берене. Директорлордун сый акысы Директорлордун сый акыларына же компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган компаниянын "bestuurder" же "commissaris" катары биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти алуучу башка сый акыларга ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн. 17-берене. Артисттер жана спортсмендер

1. Ушул Макулдашуунун 14 жана 15-беренелеринин жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти театрдын, кинонун, радионун артисти же теле көрсөтүүнүн артисти сыяктуу искусство кызматкери же музыкант же спортсмен катары анын экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылуучу жеке ишинен алган кирешесине ошол экинчи мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

2. Эгерде артист же спортсмен, ал катары иш жүргүзүүчү тарабынан жүзөгө ашырылуучу жеке ишке байланыштуу алынуучу киреше артисттин же спортсмендин өзүнө эмес башка жакка эсептелсе, ушул Макулдашуунун 14 жана 15-беренелеринин жоболоруна карабастан, бул кирешеге артист же спортсмен иштеп жаткан Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.

3. Эгерде анын ошол мамлекетте жүрүүсү толугу менен же негизинен Макулдашуучу Мамлекеттин биринин же экөөнүн тең мамлекеттик фонддорунун каражаттарынан же алардын саясий же административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү бийлик органдары тарабынан каржыланса же Макулдашуучу Мамлекеттердин ортосундагы маданий иш-чаралар жөнүндө макулдашууларга ылайык ишке ашырылса, ушул Берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылуучу иштен алган кирешелерге колдонулбайт. Мындай учурда кирешеге искусство кызматкери же спортсмен резидент болуп саналган Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.

18-берене. Пенсиялар, аннуитеттер жана социалдык камсыздоо боюнча төлөмдөр

1. Ушул Макулдашуунун 19-беренесинин 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен, пенсияларга жана мурдагы жалданып иштөөгө карата төлөнгөн башка ушул сыяктуу сый акыларга, бардык пенсияларга жана социалдык камсыздоо системасынын жоболоруна ылайык төлөнгөн башка төлөмдөргө, аннуитеттерге, ошондой эле жогоруда аталган пенсиялардын ордуна бардык бир жолку төлөмдөргө, биринчи Макулдашуучу Мамлекеттен алынган жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнгөн төлөмдөргө же анниутеттерге биринчи аталган мамлекетте гана салык салынат.

2. Эгерде пенсияга же башка ушул сыяктуу сый акыга же аннуитетке же бардык бир жолку төлөмдөргө байланышкан төгүмдөр жана төлөмдөр ошол өлчөмдө 1-пунктка ылайык ошол мамлекетте салыктардан бошотулууга туш келсе, пенсия же башка ушул сыяктуу төлөм же аннуитет Макулдашуучу Мамлекеттен алынды деп эсептелет. Биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин пенсиялык фондунан же камсыздандыруу компаниясынан экинчи Мамлекеттин пенсиялык фондуна же камсыздандыруу компаниясына пенсияларды которуу ушул Беренеге ылайык биринчи аталган Мамлекеттин салык укуктарын чектебейт.

19-берене. Мамлекеттик кызмат

1. а) Эмгек акыга, маянага жана пенсиядан башка Макулдашуучу Мамлекет же анын саясий же администрациялык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан ошол Мамлекетке же бөлүмдөргө же жергиликтүү бийлик органдарына көрсөтүлүүчү кызматтарга карата жеке жакка төлөнүүчү башка ушул сыяктуу төлөмдөргө ушул Мамлекетте гана салык салынат;

б) Бирок мындай эмгек акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргө экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат, эгерде кызматтар ошол экинчи Мамлекетте көрсөтүлсө жана ошол экинчи Мамлекеттин резиденти болуп саналган жеке жак:

i) ушул Мамлекеттин жараны болуп саналса; же

ii) кызмат өтөө максатында гана ошол Мамлекеттин резиденти болбой калса.

2. a) Макулдашуучу Мамлекет же анын саясий же администрациялык бөлүмдөрү же ошол Макулдашуучу Мамлекеттин жергиликтүү бийлик органдары тарабынан түзүлгөн фонддордун эсебинен ошол Мамлекетке же бөлүмгө же бийлик органына көрсөтүлүүчү кызматтарга карата жеке жакка төлөнүүчү жана түзүлгөн бардык пенсияга ошол Мамлекетте гана салык салынат;

b) Бирок эгерде жеке жак ошол Мамлекеттин резиденти же жараны болуп саналса, мындай пенсияларга экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.

3. 15, 16, 17 жана 18-беренелердин жоболору Макулдашуучу Мамлекет же анын саясий же администрациялык бөлүмдөрү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишкердик иштерге байланыштуу көрсөтүлгөн кызматтарга карата эмгек акыларга, маянага жана башка ушул сыяктуу сый акыларга жана пенсияларга колдонулат.

20-берене. Студенттер жана стажерлор Биринчи Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин түздөн-түз экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жана эсептелүүчү жана биринчи аталган Мамлекетте окуу же билим алуу максатында гана жүргөн студент, окуучу же стажер алуучу, жашоо, окуу жана билим алуу максаттары үчүн багытталган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ошол Мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта ошол Мамлекетте салык салынбайт. 21-берене. Башка кирешелер

1. Ушул Макулдашуунун мурдагы Беренелеринде аталбаган Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрлөрүнө алардын келип чыгуу булактарына карабастан ошол Мамлекетте гана салык салынат.

2. 6-берененин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн алынган кирешеден башка кирешелерге, эгерде мындай кирешелерди алуучу биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеси аркылуу ишкердик жүргүзсө же ошол экинчи мамлекетте анда жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана ага байланыштуу киреше алынган укук же мүлк чындыгында эле мындай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, ушул Берененин 1-пунктунун жоболору колдонулбайт, бул учурда жагдайларга жараша ушул Макулдашуунун 7 же 14-беренелеринин жоболору колдонулат.

IV глава. Кош салык салууну четтетүү 22-берене. Кош салык салууну четтетүү методдору

1. Эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Нидерланддарда гана салык салынышы мүмкүн болгон же салык салынууга тийиш болгон кирешени алса, анда Кыргызстан бул резиденттин аталган кирешесин Нидерланддарда кирешеге төлөнгөн салыкка барабар суммада салык салуудан бошото алат.

Бирок мындай бошотуу ошол экинчи Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн болгон же салык салынууга тийиш болгон кирешеге тиешелүү бошотуу берилгенге чейин эсептелген киреше салыгынын бөлүгүнөн ашышы мүмкүн эмес.

2. Эгерде ушул Макулдашуунун кайсы гана болбосун жобосуна ылайык Кыргызстандын резиденти алган киреше ошол мамлекетте салыктан бошотулса, анда Кыргызстан бул резиденттин кирешесинин калган бөлүгүнө салыктын суммасын эсептөөдө салыктан бошотулган кирешени эске ала алат.

3. Нидерланддар өзүнүн резиденттеринен салыктарды алууда ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргызстанда гана салык салынышы мүмкүн болгон же салык салынууга тийиш болгон киреше беренесине салыктар алынуучу салык базасына киргизе алышат.

4. Бирок Нидерланддардын резиденти ушул Макулдашуунун 6-беренесинин 1, 3 жана 4-пункттарына, 7-беренесинин 1-пунктуна, 8-беренесинин 1 жана 3-пункттарына, 10-беренесинин 4-пунктуна, 11-беренесинин 5-пунктуна, 12-беренесинин 4-пунктуна, 13-беренесинин 1 жана 2-пункттарына, 14-беренесинин 1-пунктуна, 15-беренесинин 1-пунктуна, 18-беренесинин 1-пунктуна, 19-беренесинин 1 жана (а пунктчасына) жана 2-пункттарына (а пунктчасына) жана 21-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргызстанда гана салык салынышы мүмкүн болгон же салык салынууга тийиш болгон жана ушул Берененин 3-пунктуна ылайык базага киргизилген кирешени алса, анда Нидерланддар өзүнүн салыктарын азайтуу менен мындай киреше беренесин бошотот. Бул азайтуу Нидерланддардын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык кош салык салууну болтурбоого эсептелген. Бул максаттарда салыктын бул суммасы ушул жоболорго ылайык Нидерланддарда салыктан бошотулган кирешенин суммасына киргизилген деп эсептелет.

5. Мындан тышкары, Нидерланддар ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 2 жана 6-пункттарына, 11-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесинин 2-пунктуна, 13-беренесинин 5-пунктуна, 16-беренесине жана 17-беренесинин 1 жана 2-пункттарына ылайык Кыргызстанда бул Беренелер 3-пунктка ылайык базага киргизилген деңгээлде салык салынышы мүмкүн болгон Кирешелер беренеси боюнча ушундай эсептелген нидерланддар салыктарынын эсебинен чыгарууга мүмкүндүк берет.

Мындай эсептен чыгаруунун суммасы, эгерде бул кош салык салууну болтурбоо жөнүндө Нидерланддар мыйзамдарынын жоболоруна ылайык келсе, кирешенин ушул Беренелери боюнча Кыргызстанда төлөнгөн салыкка барабар болот, бирок ушундайча киргизилген киреше беренелери кош салык салууну болтурбоо жөнүндө Нидерланддар мыйзамдарынын жоболоруна ылайык Нидерланддарда салыктардан бошотула турган жалгыз киреше беренелери болуп саналса, уруксат берилиши мүмкүн болгон азайтуу суммасынан ашпайт. Бул пункт азыр же мындан ары кош салык салууну болтурбоо жөнүндө Нидерланддар мыйзамдарынын тиешелүү жоболору менен биринчи мамлекеттен алынгандан көп жалпы кирешеге тиешелүү нидерланддар салыктарына таандык болгон ошол эсептелген азайтуу суммасына гана жөлөк пулдун өлчөмүн чектебеши керек.

6. 4-пункттун жоболоруна карабастан, эгерде Нидерланддар мындай көлөмдө кош салык салууну болтурбоо жөнүндө Нидерланддар мыйзамдарынын жоболоруна ылайык нидерланддар салыгынын эсебинен кирешенин ушул Беренеси боюнча башка мамлекетте салынган салыкты чыгарууга мүмкүндүк берсе, Нидерланддар нидерланддар салыгынын эсебинен ушул Макулдашуунун 7-беренесинин 1-пунктуна, 10-беренесинин 4-пунктуна, 11-беренесинин 5-пунктуна, 12-беренесинин 4-пунктуна, 14-беренесинин 1-пунктуна жана 21-беренесинин 2-пунктуна ылайык киреше беренеси боюнча Кыргызстанда төлөнгөн, ушул Берененин 3-пунктуна ылайык бул Беренелер салык базасына киргизилген деңгээлде салыкты эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул бошотууну эсептөө үчүн ушул Берененин 5-пунктунун жоболору ушундай эле жол менен колдонулат.

23-берене. Басмырлоого жол бербөө

1. Макулдашуучу Мамлекеттин жарандары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ошол мамлекеттин жарандары үчүн ошондой эле шарттарда, тактап айтканда жашаган жерине катыштуу дуушар болуучу же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салууга же ага байланышкан талаптарга караганда башка же түйшүктүүрөөк болуп саналган кандай болбосун бир салык салууга же кандай болбосун талаптарга дуушар болбоого тийиш. Бул жобо ушул Макулдашуунун 1-беренесинин жоболоруна карабастан Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденттери болуп эсептелбеген жактарга карата да колдонулат.

2. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденттери болуп саналган жарандыгы жок жактар кандайдыр бир Макулдашуучу Мамлекетте салык салууга же ага байланышкан талаптарга караганда башка же түйшүктүүрөөк болуп саналган, Мамлекеттин жарандары ошондой эле шарттарда, тактап айтканда жашаган жерине карата дуушар болушу мүмкүн болгон кандай болбосун салык салууга же ага байланышкан кандай болбосун талаптарга дуушар болбоого тийиш.

3. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы болуп саналган туруктуу мекемеге салык салуу ушул сыяктуу иш жүргүзгөн ошол экинчи мамлекеттин ишканаларына салык салуудан ыңгайсыз болбоого тийиш. Бул жобо биринчи Макулдашуучу Мамлекетти экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденттерине алардын жарандык статусунун же үй-бүлөлүк милдеттеринин негизинде салык салуу максаттарында өздөрүнүн резиденттерине берүүчү ар кандай жеке жеңилдиктерди, жеңилдетүүлөрдү жана эсептен чыгарууларды берүүгө милдеттендирүү катары чечмеленбөөгө тийиш.

4. Ушул Макулдашуунун 9-беренесинин 1-пунктунун, 11-беренесинин 7-пунктунун же 12-беренесинин 6-пунктунун жоболору колдонулган учурларды кошпогондо, Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздар, роялтилер жана башка төлөмдөр мындай ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында биринчи аталган Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй шарттарда эсептен чыгарылууга тийиш.

5. Капиталы толугу менен же жарым жартылай таандык болгон же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин бир же бир нече резиденттери тарабынан түздөн-түз же кыйыр түрдө контролдонуучу Макулдашуучу Мамлекеттин ишканалары биринчи аталган мамлекетте биринчи аталган мамлекеттин башка ушул сыяктуу ишканалары дуушар болуучу же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салуудан жана ага байланышкан талаптардан башка же түйшүктүүрөөк болуп эсептелген кандай болбосун салык салууга же аны менен байланышкан кандай болбосун талаптарга дуушар болбоого тийиш.

6. Ушул Макулдашуунун 2-беренесинин жоболоруна карабастан, ушул Берененин жоболору ар кандай түрдөгү салыктарга колдонулат.

24-берене. Өз ара макулдашуу жол-жоболору

1. Эгерде жак Макулдашуучу Мамлекеттин биринин же экөөнүн тең аракеттери аны ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүдө же алып келет деп эсептесе, ал өзүнүн ишин кароо үчүн ушул мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган укуктук коргоо каражаттарына карабастан, каалаган Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органдарына бере алат. Иш Макулдашуунун жоболоруна шайкеш келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоо учурунан тартып үч жылдын ичинде берилиши керек.

2. Компетенттүү орган эгерде ал макул эместигин негиздүү деп эсептесе жана өзү канааттандырарлык чечимге келе албаса, ушул Макулдашууга каршы келген салык салууну болтурбоо максатында маселени экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Жетишилген кандай гана болбосун макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин ички мыйзамдарында каралган кандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш.

3. Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу бардык пикир келишпестиктерди же шек саноолорду өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Алар ошондой эле ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну жоюу максатында биргелешкен консультацияларды жүргүзө алышат.

4. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары мурдагы пункттарга дал келген маселелер боюнча, макулдукка келүү максатында бири-бири менен түздөн-түз, ошондой эле өздөрүнөн же алардын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен комиссиялар аркылуу байланыша алышат.

5. Эгерде ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыккан бардык кыйынчылыктар же шек саноолор ушул Берененин мурдагы пункттарына ылайык маселе келип түшкөндүгү жөнүндө кабарлоодон кийин үч жылдык мезгил ичинде Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара макулдашуу жол-жобосу менен чечилбесе, анда маселе ушул Берененин 1-4-пункттары боюнча бардык мүмкүн болгон жол-жоболор толугу менен аяктагандан кийин гана жана салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүлөрдүн арбитраждык коллегиясынын чечими менен чектелүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен Макулдашуучу Мамлекеттин экөөнүн тең талабы боюнча арбитражга берилиши мүмкүн.

Ар бир конкреттүү учурда арбитраждык коллегиянын чечими Макулдашуучу Мамлекеттин экөө үчүн тең, ошондой эле бул ишке тиешеси бар салык төлөөчү же салык төлөөчүлөр үчүн милдеттүү болуп саналат. 25-берене. Маалымат алмашуу

1. Эгер ушул мыйзамдар боюнча салык салуу ушул Макулдашууга каршы келген учурларды кошпогондо, Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу же болбосо башкаруу же Макулдашуучу Мамлекеттердин, алардын саясий же административдик бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан белгиленген кандай гана болбосун түрдөгү жана сыпаттоодогу салыктарга тиешелүү ички мыйзамдарды аткарууга келтирүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн болгон маалыматтар менен алмашып турат. Маалымат алмашуу ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелери менен чектелбейт.

2. Ушул Берененин 1-пунктуна ылайык Макулдашуучу Мамлекет алган бардык маалымат ушул Макулдашуучу Мамлекеттин ички мыйзамдарына ылайык алынган маалымат сыяктуу эле купуя болуп саналат жана ушул Берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарга карата баалоо же чогултуу, мажбурлап өндүрүү же соттук куугунтуктоо, апелляцияларды карап чыгуу, же болбосо жогоруда аталган ишти көзөмөлдөө менен алектенген жактарга же органдарга (сотторду же администрациялык органдарды кошкондо) гана маалымдалат. Мындай жактар же органдар маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонот. Алар ачык сот отурумунун жүрүшүндө же соттун чечимдеринде маалыматты ачыкка чыгара алышат. Буга карабастан, эгерде мындай маалымат эки мамлекеттин тең мыйзамдарына ылайык башка максаттарда колдонулса жана мындай маалыматты жөнөткөн Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органы мындай колдонуу укугун берсе, Макулдашуучу Мамлекет алган маалымат башка максаттар үчүн да колдонулушу мүмкүн.

3. Эч качан ушул Берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору Макулдашуучу Мамлекетке төмөнкүлөрдү милдеттендирүүчү катары чечмеленбейт:

а) ушул же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик практикасына каршы келүүчү административдик чараларды көрүүнү;

б) ушул же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги административдик практиканын жүрүшүндө алууга болбой турган маалыматты берүүнү;

в) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же соода процессин ачыкка чыгаруучу же ачыкка чыгаруу мамлекеттик саясатка каршы келе турган маалыматты берүүнү.

4. Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул Беренеге ылайык маалымат суралган учурда, экинчи мамлекет өзүнүн салык салуудагы максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж боло албаганына карабастан, экинчи Макулдашуучу Мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн чогултуу ыкмаларын колдонот. Мурунку сүйлөмдө камтылган милдеттенме 3-пункттагы чектөөлөргө дал келет, бирок мындай чектөөлөр Макулдашуучу Мамлекетке мындай маалыматтар эч кандай ички кызыкчылыкка ээ эместиги үчүн маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берүүчү катары чечмеленбеши керек.

5. 3-пункттун жоболору эч качан Макулдашуучу Мамлекетке маалымат банктын, башка финансылык уюмдун, ыйгарым укуктуу жактын же агент же ишенимдүү адам катары эсептелүүчү жактын башкаруусунда болгондуктан, же ал жеке жактын мүлктүк кызыкчылыгына таандык болгондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берүүчү катары чечмеленбеши керек.

26-берене. Дипломатиялык жана консулдук кызматтардын кызматкерлери Ушул Макулдашууда эч нерсе эл аралык укуктун жалпы ченемдерине же атайын макулдашуулардын жоболоруна ылайык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин салыктык артыкчылыктарына таасирин тийгизбейт. 27-берене. Жеңилдиктерге укуктар

1. Ушул Макулдашуунун кайсы гана болбосун башка жоболоруна карабастан, эгерде акылга сыярлык жыйынтыкка келсе, бул пайданы алуу ушул пайдага тике же кыйыр түрдө алып келген ар кандай макулдашуунун же бүтүмдүн негизги максаттарынын бири болгон деген бардык тиешелүү фактыларды жана жагдайларды эске алуу менен, мындай жагдайларда бул пайданы берүү Макулдашуунун тиешелүү жоболорунун объектисине жана максаттарына ылайык келери белгиленген учурларды кошпогондо, бул Макулдашуу боюнча пайдалар Кирешелер беренесине карата берилүүгө тийиш эмес.

V глава. Акыркы жоболор 28-берене. Күчүнө кириши

1. Макулдашуучу Мамлекеттер ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн алардын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлайт.

2. Ушул Макулдашуу бул Макулдашуунун 1-пунктунда аталган акыркы кабарламаны алган күндөн кийинки экинчи айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет жана анын жоболору төмөнкүлөргө карата эки Макулдашуучу Мамлекетте тең колдонулат:

а) ушул Макулдашуу күчүнө кирген календардык жылдан кийинки календардык жылы биринчи январга же биринчи январдан кийин төлөнгөн же эсептелген суммага карата булактан кармалуучу салыктарга карата;

б) ушул Макулдашуу күчүнө кирген календардык жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан башталган же андан кийинки салык жылдарындагы башка салыктарга карата.

3. Макулдашуучу Мамлекеттер ушул Макулдашууга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдаша алышат. Мындай бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Макулдашуучу Мамлекеттер тарабынан ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Ондоолорду киргизүү жөнүндө протоколдо түзүлүүгө тийиш жана ушул Берененин 1 жана 2-пункттарында сыпатталган жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.

29-берене. Колдонулушун токтотуу Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекет тарабынан токтотулган учурга чейин күчүндө болот. Макулдашуучу Мамлекеттердин ар бири дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону жиберүү жолу менен эч болбогондо ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийин башталуучу кайсы болбосун календардык жыл аяктаганга чейин алты ай мурун ушул Макулдашууну токтото алат. Бул учурда ушул Макулдашуу төмөнкүлөргө карата өзүнүн аракетин эки Макулдашуучу Мамлекетте тең токтотот:

а) кабарлама жиберилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январына же биринчи январынан кийин алынган кирешеге булактардан кармалуучу салыктарга карата;

б) кабарлама жиберилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып же биринчи январынан кийин кайсы болбосун салык жылында алынуучу салыктар боюнча кирешелерге башка салыктарга карата.

МУНУ ЫРАСТОО ҮЧҮН, Макулдашуучу Тараптар ыйгарым укук берген төмөндө кол койгондор ушул Макулдашууга кол коюшту.

20\_\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында, кыргыз, нидерланд, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.

Кыргыз Республикасы үчүн

Нидерланддар Королдугу үчүн

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
