# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 13-т "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 184-б буйругу күчүн жоготту деп таануу тууралуу" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 13-т "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 184-б буйругу күчүн жоготту деп таануу тууралуу" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 13-р
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18711/edition/1215332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 13-т "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 184-б буйругу күчүн жоготту деп таануу тууралуу" тескемеси (19.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219416

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 19-январы № 13-т

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мүлкүн сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 184-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Мамлекеттик имараттар департаменти" мамлекеттик ишканасы өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
