# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 26-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамын түзүү жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 26-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамын түзүү жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 819
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219408>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18704/edition/1229924/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219408.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 26-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамын түзүү жөнүндө" тескемеси (26.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219408

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 26-декабры № 819

“Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 336 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамы

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы, Байкоочу кеңештин төрагасы.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары (санариптештирүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн сектор башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмүнүн сектор башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); программалык продукттарды өндүрүүчүлөрдүн кесиптик бирикмесинин үч өкүлү (макулдашуу боюнча).
