Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 21-ноябры № 635-т Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, 2022-жылы талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жеткиликтүү баадагы минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 77-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- 2022-жылдын 25-декабрына чейин минералдык жер семирткичтерди ушул тескеменин 2-пунктуна ылайык аныкталган баа боюнча сатсын;"; жетинчи абзацындагы "2022-жылдын 1-июлуна чейин" деген сөздөр "2022-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи, тогузунчу абзацтар менен толукталсын: "- ушул тескеменин 2-1-пунктунда көрсөтүлгөн чыгымдар пайда болгон учурда чыгымдардын жалпы суммасын эсептеп чыгарсын;
- Өзбекстан Республикасынын "Узкимёимпэкс" жоопкерчилиги чектелген коому менен 6 565 051 (алты миллион беш жүз алтымыш беш миң элүү бир) АКШ доллары суммасындагы акча каражаттарынын калдыгын андан ары республикалык бюджетке кайтаруу менен кайтарып алуу боюнча ишти жүргүзсүн.";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааларга мониторинг жүргүзсүн жана республика боюнча минералдык жер семирткичтерге минималдуу дүң рыноктук бааларды аныктасын.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду минералдык жер семирткичтерди сатууда курстук айырмадан жана рыноктун конъюнктурасы өзгөргөндүгүнө байланыштуу баалардын айырмасынан келип чыгуучу мүмкүн болгон чыгымдарды, ошондой эле кайтарылган акча каражаттарынын курстук айырмасын эске алышсын.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 77-т (Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, 2022-жылдын жазгы талаа жумуштарын даярдоо жана жүргүзүү жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 18.02.2022 · № 77-р