# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 707-т (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына гуманитардык жардам бөлүп берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 707-т (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына гуманитардык жардам бөлүп берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 707-р
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18693/edition/1205226/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 707-т (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына гуманитардык жардам бөлүп берүү тууралуу) тескемеси (30.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219391

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 30-декабры № 707-т 2022-жылдын 14-16-сентябрындагы мезгилде кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9 жана 18-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына гуманитардык жардам түрүндө төмөнкүлөрдү бөлүп берсин:

- 10,0 (он) тонна биринчи сорттогу ун;

- 4,0 (төрт) тонна кумшекер;

- 10000 (он миң) литр өсүмдүк майын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Ош шаарынын мэриясы гуманитардык жардамды Ош жана Жалал-Абад шаарларынан белгиленген жерге чейин жеткирүүнү уюштурсун.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
