Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн, анын ичинде балдардын толук же кыска мөөнөттүү, аз комплектте болуусу менен вариативдүү жана альтернативдүү формаларын ачууну жөнөкөйлөтүү жана өнүктүрүү тууралуу» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 22-декабры № 683-т Ар бир бала үчүн билим алуунун адилеттүү жана коопсуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу шарттарды түзүү, мамлекеттин жана социалдык багыттагы ишкердиктин күч-аракеттерин бириктирүүнүн негизинде адам капиталын андан ары өнүктүрүүгө бардык кызыкдар тараптардын биргелешкен салымын көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн, анын ичинде балдардын толук же кыска мөөнөттүү, аз комплектте болуусу менен вариативдүү жана альтернативдүү формаларын ачууну жөнөкөйлөтүү жана өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин жана ченемдерин кайра карап чыксын жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен бирдикте билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ар кандай формаларын киргизүү, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарын түзүү жана иштетүү, имараттын архитектурасы, ошондой эле ички жайлардын көрүнүштөрү боюнча заманбап дизайнердик чечимдерди эске алып, жаңы энергоэффективдүү, сейсмологиялык жана башка технологияларды колдонуу менен экомектептерди (жаңы форматтагы мектептерди) куруу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын вариативдүү жана альтернативдүү формаларын өнүктүрүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин;
- 2023-жылдын I кварталынын аягына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкүдөй чечимдеринин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин:
патенттин же жеке ишкер күбөлүгүнүн негизинде жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү вариативдүү жана альтернативдүү формадагы мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн ыктыярдуу сертификаттоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын лицензиялоо системасын кайра кароо аркылуу мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө формалдуу эмес эмгек рыногун легалдаштыруу жана аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду 2023-жылдын II кварталынан тартып киргизүү жөнүндө; тиешелүү консультациялык борборлордо ата-энелерге акысыз психологиялык-педагогикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү, анын ичинде зомбулуксуз тарбия берүү маселелери боюнча "Ата-энелер мектеби" пилоттук долбоорун 2023-2024-окуу жылдан тартып киргизүү жөнүндө.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына социалдык багыттагы бизнес-түзүмдөрдүн колдоосу менен бардык түрдөгү жана формадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иштеши үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- эрте өнүктүрүүнүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачуунун жана кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маселелер боюнча масштабдуу маалыматтык өнөктүктү ишке ашырсын;
- эрте өнүктүрүүнүн жана мектептик билим берүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маселелер, анын ичинде көп түрдүү маданият жана көп түрдүү тил маселелери боюнча ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик жана жеке радио-телеканалдарда маалыматтык радио жана телеберүүлөрдү уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте эрте жаштагы, мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды өнүктүрүүгө багытталган үй-бүлөлүк баалуулуктардын, балдардын укуктарын коргоонун, ар бир бала үчүн чоңдордун жоопкерчилигинин позитивдүү үлгүлөрүн көрсөткөн контентти даярдасын жана системалуу түрдө трансляциялап турсун.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 201
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.