# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 675-т ("Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн товарлардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 675-т ("Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн товарлардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 675-р
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18683/edition/1201330/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 675-т ("Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн товарлардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси (01.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219379

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 467-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 14-декабры № 675-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы № 213 тескемесин ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинин 14-пунктунун 3-пунктчасын жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн товарлардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коому тиркемеге ылайык тизмекте көрсөтүлгөн товарлардын берүүчүсү болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу мамлекеттик органдарга, бюджеттик уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, атайын эсептери жана фонддордун каражаттары бар уюмдарга, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактарга товарларды түздөн-түз "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомунан ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген тизмекке ылайык бир булактан ыкмасы менен сатып алууну жүргүзүү талаптары белгиленсин.

4. Уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан көп пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдоруна ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген тизмекке ылайык "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомунан товарларды сатып алууну жүргүзүү сунушталсын.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул тескеме 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана эки жыл колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Тиркеме

"Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн товарлардын ТИЗМЕГИ

№

Товардын аталышы

МК 017-2015 УСК коду

ЕАЭБ ТЭИТН коду

1

25, 40, 60, 75, 95, 100, 150 Вт жалпы багыттагы чыңалуу лампалары

ПМСК 31.50.13.000

ТЭИТН 8539 22 9000

2

200 Вт, 300 Вт жана 500 Вт атайын багыттагы ири габариттүү чыңалуу лампалары

ПМСК 31.50.14.930

ТЭИТН 8539 29 9200

3

25, 40, 60, 75, 95, 100 Вт декоративдүү тунук колбадагы шамчырактар үчүн чыңалуу лампалары

ПМСК 31.50.13.000

ТЭИТН 8539 22 9000

4

Шамчырактар, портативдик тигүү машиналары жана ПШ 15 Вт муздаткычтар үчүн чыңалуу лампалары

ПМСК 31.50.14.930

ТЭИТН 8539 22 9000

5

40, 60, 95, 100 Вт жергиликтүү жарыктандыруу шамчырактары үчүн чыңалуу лампалары

ПМСК 31.50.14.950

ТЭИТН 8539 29 9800

6

4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 12 Вт (LED) жалпы жарыктандыруу үчүн жарык чыгаруучу диоддору бар лампалар

ПМСК 27.40.39.300

ТЭИТН 8539 50 0000

7

Чыңалуусу 12, 24 В жана кубаттуулугу 5, 10 жана 21 Вт болгон жол транспорт каражаттары үчүн чыңалуу лампалары (токтоо белгисинин чырактары)

ПМСК 31.50.14.600

ТЭИТН 8539 29 3009

8

Айнек жиптеринен жасалган ровинг

ПМСК 23.19.26.900

ТЭИТН 701912 0000

9

Айнек жиптеринен жасалган фибра

ПМСК 23.19.26.900

ТЭИТН 701911 0000

Кыскартуулардын тизмеси:

МК

\-

Мамлекеттик классификатор;

УСК

\-

Улуттук статистика комитети;

ТЭИТН

\-

Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы;

ЕАЭБ

\-

Евразия экономикалык бирлиги;

ПМСК

\-

Продукциянын мамлекеттик статистикалык классификатору.
