# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 685-т (Турак эмес жайды убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 685-т (Турак эмес жайды убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 685-р
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18682/edition/1201334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 685-т (Турак эмес жайды убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси (22.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219378

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 22-декабры № 685-т "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Бишкек шаары, Шевченко көчөсү 144 дареги боюнча жайгашкан көп батирлүү турак үйдүн жалпы мүлкүндөгү тиешелүү үлүшү менен, жалпы аянты 224,7 кв.м болгон № 9 турак эмес жайды (идентификациялык коду 1-01-03-0012-0978-01-167) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте Бишкек шаары, Шевченко көчөсү 144 дареги боюнча жайгашкан көп батирлүү турак үйдүн жалпы мүлкүндөгү тиешелүү үлүшү менен, жалпы аянты 224,7 кв.м болгон № 9 турак эмес жайды (идентификациялык коду 1-01-03-0012-0978-01-167) Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына келишим түзүү шарты жана төмөнкүлөр жөнүндө мурдагы келишимди аткаруу шартында андан ары мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берсин:

- түзүлүүчү келишимге ылайык бардык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарды төлөө жөнүндө;

- жайдын абалын жакшыртуу, реконструкциялоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо боюнча иштерди (көтөрүүчү конструкцияларга таасирин тийгизген өзгөртүүлөрдөн жана реконструкциялоодон тышкары) өз алдынча жүргүзүү жөнүндө;

- жогоруда аталган жайды максаттуу багыты боюнча пайдалануу жана келишимдин башка шарттарын аткаруу жөнүндө.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
