# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-декабрындагы ПТ № 227 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-декабрындагы ПТ № 227 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18676/edition/1235038/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-декабрындагы ПТ № 227 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (05.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219371

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 5-декабры ПТ № 227

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын;"; үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында:

курамдан Сыдыков Аскат Шаршекович, Воронцова Ирина Николаевна чыгарылсын; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык сотунун судьясы Сабитова Жамиля Сабитовна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын мыйзамдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапиянова Маргарита Насаркановна киргизилсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
