Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Жүндөн жасалган буюмдарды өндүрүүнүн толук циклин жандандыруу жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 15-декабры № 680-т
Жүн өндүрүүдөн баштап даяр жүндөн жасалган буюмдарды чыгарууга чейин жүндөн жасалган буюмдарды өндүрүүнүн толук циклин кайра жандандыруу, ошондой эле жүндү кайра иштетүүчү ата мекендик ишканаларды колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте жүндү кайра иштетүү кластерин түзсүн.
2. "РСК Банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Айыл чарбасын каржылоо - 7" мамлекеттик долбоорунун алкагында "Энесай групп" жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген кредиттин кайтаруу мөөнөтүн түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык айыптык санкцияларды жана туумдарды кошуп эсептебестен (2019-жылдын 28-майындагы № 00100000006254 кредиттик келишим) 5 (беш) жылга узартуу;
- Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) менен макулдашуу боюнча Фонд менен Кредиттик келишимдин алкагында "Энесай групп" жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген кредиттин кайтаруу мөөнөтүн түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык айыптык санкцияларды жана туумдарды кошуп эсептебестен (2019-жылдын 28-майындагы № 00100000006253 кредиттик келишим) 5 (беш) жылга узартуу.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 25 · Күчүн жоготкон