# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы N 651-т (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы N 651-т (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 651-р
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18671/edition/1199381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы N 651-т (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси (28.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219366

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 28-ноябры № 651-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:

1. Расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Инвестициялык грант берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоор) жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

А.У.Жапаров
