Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Коомдук кабылдамалар жөнүндө жобо (КР Президентинин ПТ N 197 тескемесине)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы ПТ № 197 тескемесине)
Коомдук кабылдамалар жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын жана башка мамлекеттик органдардын коомдук кабылдамалары (мындан ары - Коомдук кабылдама) жарандарга жана коомчулукка мамлекеттик органдар менен ыкчам өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн берүү максатында уюштурулат.
2. Коомдук кабылдамалар юридикалык жак болуп саналбайт, мөөрү жана штампы жок.
3. Коомдук кабылдамалар өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Коомдук кабылдамалар төмөнкү милдеттерди чечүү үчүн түзүлөт:
1) кабыл алууну уюштуруу, жарандардын жазуу жүзүндө жана оозеки кайрылууларын эсепке алуу жана аларды өз убагында кароо;
2) жарандарга алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү;
3) жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн берүү;
4) жарандар менен иштөөнү жакшыртуу боюнча зарыл болгон маалыматты мамлекеттик бийлик органдарына берүү.
5. Коомдук кабылдаманын ишинин башкы багыты - арыз берүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кепилденген мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын түшүндүрүү максатында Коомдук кабылдамага кайрылган жарандарга консультация берүү жана кызматтык милдеттеринин чегинде жарандар тарабынан коюлган маселелерди чечүүдө мүмкүн болуучу практикалык жардам көрсөтүү.
6. Жарандар Коомдук кабылдамага ар түрдүү ыкмалар менен кайрыла алышат:
1) Коомдук кабылдамага өзү келүү;
2) реалдуу убакыт режиминде видеоконференцбайланышка чыгуу;
3) жазуу жүзүндө кайрылуу;
4) "ишеним телефону" боюнча чалуу;
5) электрондук кайрылуу жөнөтүү.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын жана башка мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлери белгиленген тартипте жарандарды кабыл алууну төмөнкүдөй жүзөгө ашырат:
1) жарандардын кайрылууларын кабыл алат, атайын журналга каттайт жана жарандардын кайрылууларындагы көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча чараларды көрөт;
2) жарандарды жетекчиликтин жеке кабыл алуусу үчүн күн сайын жазуу жүргүзөт;
3) жарандардын кайрылуулары боюнча кызматтык документтерди тариздейт, каттайт, аткарууга өткөрүп берет;
4) көтөрүлгөн маселелердин маңызы боюнча зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү жана сунуштамаларды берет;
5) жарандардын жазуу жүзүндө жана оозеки кайрылууларын талдайт жана жалпылайт, Коомдук кабылдамага келип түшкөн жарандардын жеке кайрылууларын маалыматтар базасына киргизет;
6) иштин абалы жана жарандардын кайрылууларынын мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматты жетекчиликке берет;
7) жарандардын пайда болгон даттанууларынын себептерин жоюу; мамлекеттик башкаруу органдарынын Коомдук кабылдамасынын ишин өркүндөтүү жана жакшыртуу боюнча сунуштарды жетекчиликке киргизет;
8) жарандардын даттанууларын кароонун мөөнөттөрүнүн сакталышына контроль жүргүзөт;
9) жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн формаларын жана методдорун өркүндөтүү жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленген убакыт ичинде жарандардын кайрылуулары боюнча иштерди, кызматтык документтерди түзөт жана сактайт.
8. Коомдук кабылдамалар үчүн арналган жайлар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш:
1) кире бериште "Коомдук кабылдама" деген такта жана иш тартиби жайгаштырылат;
2) жарандарды кабыл алууну уюштуруу үчүн эмерек жана инвентарь менен жабдылат;
3) компьютердик техника жана уюштуруу техника каражаттары менен, электрондук даректи ыйгаруу менен Интернет тармагына жетүү камсыздалат;
4) абаны кондициялоо системасы, өрткө каршы система жана өрт өчүрүү каражаттары, өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда кабарлоо системасы жана биринчи зарылдыктагы дары каражаттары бар дары салгыч менен жабдылат;
5) жетиштүү санда чыгымдык материалдар, канцелярия товарлары менен камсыздалат;
6) жарандарды жеке кабыл алууну күтүүчү жер отургучтар, столдор, маалыматтык такталар менен жабдылат, канцелярия шаймандары менен камсыздалат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин коомдук кабылдамасы
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин коомдук кабылдамасынын ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмү камсыз кылат.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин коомдук кабылдамасынын башкы багыты - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин коомдук кабылдамасына кайрылган жарандардын проблемаларын чечүүдө төмөнкүлөр аркылуу практикалык жардам көрсөтүү:
1) тиешелүү деңгээлдеги чечимдерди талап кылган жарандардын кайрылууларын Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана анын орун басарларына маалымдоо;
2) тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кайрылууларды, суроо-талаптарды жөнөтүү жана аткаруунун жүрүшүн жана аларга жооптордун берилишин көзөмөлдөө (зарыл болсо);
3) жарандар тарабынан коюлган маселелерди чечүүдө консультациялык жана укуктук жардам көрсөтүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана кызматкерлерин тартуу;
4) жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенип, ар түрдүү мүнөздөгү проблемаларды чечүүдө калкка көмөк көрсөтүү.
11. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилери:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин коомдук кабылдамасынын ишине бардык тараптан көмөк көрсөтсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин коомдук кабылдамасынын телефон жана башка билдирүүлөрүнө ыкчам жана өз убагында жооп кайтарсын.
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин коомдук кабылдамасынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысына түздөн-түз баш иет жана отчет берет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын коомдук кабылдамаларынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысына отчет берет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-октябрындагындагы ПТ № 197 (Коомдук кабылдамалар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 11.10.2022 · № 197
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021