# Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-октябрындагындагы ПТ № 197 (Коомдук кабылдамалар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-октябрындагындагы ПТ № 197 (Коомдук кабылдамалар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18652/edition/1197778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-октябрындагындагы ПТ № 197 (Коомдук кабылдамалар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси (18.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219341

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 11-октябры ПТ № 197 Жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык:

1. Коомдук кабылдамалар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы ушул тескемени жетекчиликке жана кынтыксыз аткарууга алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 26-августундагы № 71 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.У.Жапаров
