# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-т ("Сасык-Үңкүр" мрамор акиташынын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-т ("Сасык-Үңкүр" мрамор акиташынын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 570-р
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18648/edition/1264755/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-т ("Сасык-Үңкүр" мрамор акиташынын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси (20.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219333

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси 2022-жылдын 20-октябры № 570-т Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттик 100 пайыздык катышуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасында бурчтук чекиттери менен Ош облусунун Араван районунда жайгашкан "Сасык-Үңкүр" мраморлошкон акиташынын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:

- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензия берсин;

- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров

Тиркеме

Ош облусунун Араван районунда жайгашкан "Сасык-Үңкүр" мраморлошкон акиташынын аянтынын тик бурчтуу координаттар системасында БУРЧТУК ЧЕКИТТЕР

Бурчтуу чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттердин №

X

Ү

1

13287596

4493584

2

13287940

4493953

3

13288266

4493983

4

13288388

4493407

5

13287850

4493490

6

13287624

4493477

Аянты 29,8 га
