# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 572-т ("ЗЕНИТ "фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коому менен цементти өндүрүүдө пайдалануу үчүн көмүлгөн жерден күл-шлак калдыктарын тазалоо боюнча келишим түзүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 572-т ("ЗЕНИТ "фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коому менен цементти өндүрүүдө пайдалануу үчүн көмүлгөн жерден күл-шлак калдыктарын тазалоо боюнча келишим түзүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 572-р
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18646/edition/1197784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 572-т ("ЗЕНИТ "фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коому менен цементти өндүрүүдө пайдалануу үчүн көмүлгөн жерден күл-шлак калдыктарын тазалоо боюнча келишим түзүү жөнүндө) тескемеси (24.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219331

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси 2022-жылдын 24-ноябры № 572-т 2022-жылдын 6-сентябрында кол коюлган, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 01-1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Терек-Таш" жоопкерчилиги чектелген коому жана "ЗЕНИТ" фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коому компанияларынын консорциумунун ортосундагы Цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна цемент өндүрүшүндө колдонуу үчүн көмүлгөн жерлерден экологиялык талаптарды жана "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күл-шлак төгүүчү жайларды (дамбаларды, жолдорду ж.б.) күтүүнүн технологиялык шарттарын сактоо менен күл-шлак калдыктарын тазалоо боюнча "ЗЕНИТ" фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коому менен белгиленген тартипте келишим түзүү сунушталсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
