Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («ЗЕНИТ «фирмасы» жоопкерчилиги чектелген коому менен цементти өндүрүүдө пайдалануу үчүн көмүлгөн жерден күл-шлак калдыктарын тазалоо боюнча келишим түзүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси 2022-жылдын 24-ноябры № 572-т 2022-жылдын 6-сентябрында кол коюлган, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 01-1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Терек-Таш" жоопкерчилиги чектелген коому жана "ЗЕНИТ" фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коому компанияларынын консорциумунун ортосундагы Цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна цемент өндүрүшүндө колдонуу үчүн көмүлгөн жерлерден экологиялык талаптарды жана "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күл-шлак төгүүчү жайларды (дамбаларды, жолдорду ж.б.) күтүүнүн технологиялык шарттарын сактоо менен күл-шлак калдыктарын тазалоо боюнча "ЗЕНИТ" фирмасы" жоопкерчилиги чектелген коому менен белгиленген тартипте келишим түзүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндөЗакон · 13.11.2001 · № 89 · Күчүн жоготкон