Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» Жобосу
2 – тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626-т тескемесине)
2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1. 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-январындагы № 19-т тескемеси менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (мындан ары - Иш-чаралар планы) 27.1-пунктун ишке ашыруунун алкагында түзүлдү.
2. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарын уюштуруучулук жактан даярдоону жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы камсыз кылат.
II. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты жана милдети
4. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын ишин координациялоо болуп саналат.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдети Иш-чаралар планын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын өз ара натыйжалуу аракеттенүүсүн камсыз кылуу болуп саналат.
III. Ведомстволор аралык комиссиянын функциялары
6. Ведомстволор аралык комиссия:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча маалыматын жана башка маселелерди карайт;
- жыйналыштардын жыйынтыктары боюнча чечим чыгарат;
- жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон башка функцияларды жүзөгө ашырат.
IV. Ведомстволор аралык комиссиянын укуктары
7. Жүктөлгөн милдетттерге ылайык Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча зарыл маалыматтарды суроого;
- өз жыйналыштарында Иш-чаралар планын аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин угууга;
- аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди тартуу менен эксперттик жумушчу топторду түзүүгө;
- Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналыштарына мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн чакырууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын алдында коюлган милдеттерге жетишүү үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга.
V. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу
8. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү аркылуу жүргүзөт. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышы бир жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышы Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы же төраганын орун басарлары тарабынан чакырылат.
9. Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы даярдайт жана жыйналыш өткөнгө чейин беш жумуш күндө Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө берилет.
10. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышын комиссиянын төрагасы же төраганын орун басарлары өткөрөт.
11. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышы ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышканда укуктуу болуп саналат. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдеттерин орун басары аткарат.
12 Маселелерди талкуулоо ачык формада жүргүзүлөт. Чечим Ведомстволор аралык комиссиянын курамынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Ведомстволор аралык комиссиянын төрагалык кылуүчусунун добушу аныктоочу болуп саналат. 13 Жыйналыштын протоколун Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы жыйналыш өткөндөн кийин беш күндүн ичинде тариздейт, ага Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 626-т тескемеси "2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын…Распоряжение · 16.11.2022 · № 626-р
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-январындагы № 19-т (2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча…Распоряжение · 20.01.2022 · № 19-р
- 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫКонцепция · 30.09.2021 · № 412