# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 638-т (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону бекитүүтууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 638-т (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону бекитүүтууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 638-р
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219302>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18628/edition/1196202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219302.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 638-т (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобону бекитүүтууралуу) тескемеси (20.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219302

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 21-ноябры № 638-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 553-VI "Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө" токтомун аткаруу боюнча жумуштарды мындан ары ишке ашыруунун алкагында жана мамлекеттик мүлктү эсепке алууну автоматташтыруу боюнча жол-жоболорду жакшыртуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - ММБР ВАМС) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ММБР ВАМСты координациялоону жана жүргүзүүнү жүзөгө ашырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси ММБР ВАМСты башкарууну жана модернизациялоону жүргүзсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 21-т тескемесинин редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына мамлекеттик уюмдарга, ишканаларга жана мекемелерге мамлекеттик аудит жүргүзүүдө ММБР ВАМСтын маалыматтарын пайдалануу сунушталсын.

5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик уюмдардын, эркин экономикалык зоналардын жетекчилери:

- жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январына карата мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону жүргүзсүн;

- жыл сайын инвентаризациялоонун жыйынтыгын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө ММБР ВАМСка берсин (өз алдынча киргизсин);

- келип чыккан бардык иш-чараларды бекитилген бюджеттин алкагында жүргүзсүн.

6. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык маалыматка жетүүсү чектелген мамлекеттик органдар ар жылдык инвентаризацияны жүргүзсүн, мамлекеттик мүлк жөнүндө маалыматтардын ички базасын түзсүн жана инвентаризациянын жалпыланган жыйынтыгын ММБР ВАМСка отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө берсин.

7. Мамлекеттик мүлктү эсепке алуунун жыйынтыктарынын толуктугуна, өз убагында болушуна жана ишенимдүүлүгүнө жана тиешелүү жумуштарды жүргүзүү үчүн керектүү шарттарды түзүүгө жеке жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине жана башкы бухгалтерлерине жүктөлсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 358-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
