# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 634-т "Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү тууралуу" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 634-т "Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү тууралуу" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 634-р
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18624/edition/1274990/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 634-т "Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү тууралуу" тескемеси (21.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219298

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 21-ноябры № 634-т

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-статьясынын 9-пунктуна, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун (7 облустук жана 40 райондук өнүктүрүү фонду, мындан ары - Фонддор) каражаттары Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, жарандык инфраструктураны калыбына келтирүү жана жабыр тарткан калкка материалдык колдоо көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоого (компенсацияларды төлөө, тамак-аш жана турак үй менен камсыздоо, күйүүчү-майлоочу материалдарды, биринчи зарылдыктагы товарларды сатып алуу) жумшалышы мүмкүн, ошондой эле башка Фонддордун эсептерине которулушу мүмкүн деп белгиленсин.

2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анын өзүнчө административдик бирдигине киргизилген өзгөчө абал жана/же өзгөчө кырдаал аяктаганга чейин колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
