# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 597-т (Бишкек - Ош автомобиль жолунда альтернативдүү автожол тоннелин курууну баштоо боюнча чаралар жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 597-т (Бишкек - Ош автомобиль жолунда альтернативдүү автожол тоннелин курууну баштоо боюнча чаралар жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 597-р
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18609/edition/1268736/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 597-т (Бишкек - Ош автомобиль жолунда альтернативдүү автожол тоннелин курууну баштоо боюнча чаралар жөнүндө) тескемеси (28.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219279

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-июлундагы N 440-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 3-ноябры № 597-т Бишкек - Ош автомобиль жолунда альтернативдүү автожол тоннелинин курулушун баштоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Түз сүйлөшүүлөр аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ыйгаруу жөнүндө жобого ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

1) түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу Бишкек-Ош автомобиль жолунда альтернативдүү автожол тоннелинин курулушун баштоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгелесин;

2) түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга чакырууну иштеп чыксын, бекитсин жана түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосун аткаруу үчүн зарыл болгон чараларды көрсүн.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
