# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 595-т (Чоңгара-Гальча кенинин аянтын иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 595-т (Чоңгара-Гальча кенинин аянтын иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 595-р
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18607/edition/1196062/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219277.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 595-т (Чоңгара-Гальча кенинин аянтын иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемеси (02.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219277

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 2-ноябры № 595-т

Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасына Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда жайгашкан Чоңгара-Галча кенинин аянтын иштетүү максатында тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:

- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензия берсин;

- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда жайгашкан Чоңгара-Галча кенинин участогунун тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

№

X

Ү

№

X

Ү

1

4458600

12669400

7

4457650

12684000

2

4459150

12671800

8

4456150

12684600

3

4458700

12673300

9

4455500

12680000

4

4459750

12675400

10

4457000

12672000

5

4458500

12676500

11

4457800

12669500

6

4457500

12680500
