# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 594-т (Түндүк Сох кенинин аянтын иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 594-т (Түндүк Сох кенинин аянтын иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18606/edition/1196070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 594-т (Түндүк Сох кенинин аянтын иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси (02.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219276

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 2-ноябры № 594-т

Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттик 100 пайыз катышуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасына Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда жайгашкан Түндүк Сох кенинин аянтын иштетүү максатында тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:

- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензия берсин;

- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда жайгашкан Түндүк Сох кенинин участогунун тик бурчтуу координат системасындагы бурчтук чекиттер

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

№

X

Ү

№

X

Ү

1

4459150

12671800

6

4463200

12679500

2

4458700

12673300

7

4463000

12678000

3

4459750

12675400

8

4462550

12674500

4

4460450

12677300

9

4460800

12670500

5

4462000

12680000

10

4456900

12670500

End\_nocompare
