# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 582-т (Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып өзгөчө кырдаал режимин алып салуу тууралуу) Тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 582-т (Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып өзгөчө кырдаал режимин алып салуу тууралуу) Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 582-р
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18594/edition/1192554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 582-т (Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып өзгөчө кырдаал режимин алып салуу тууралуу) Тескемеси (27.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219257

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 27-октябры № 582-т Кыргыз Республикасынын аймагында C0VID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусуна жана коронавирус инфекциясы менен ооруну каттоонун төмөндөшүнүн улануусуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып өзгөчө кырдаал режими алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
