# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 576-т (Жалал-Абад шаарынын мэриясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаты жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 576-т (Жалал-Абад шаарынын мэриясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаты жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 576-р
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18592/edition/1202602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 576-т (Жалал-Абад шаарынын мэриясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаты жөнүндө) тескемеси (26.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219255

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 26-октябры № 576-т

Жалал-Абад шаарынын мэриясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул тескеме күчүнө кирген датага карата болгон Жалал-Абад шаарынын мэриясынын мөөнөтү өткөн карызын төмөнкүдөй шарттарда кайра түзүмдөштүрсүн:

1) 2013-жылдын 5-мартындагы №19-5/8 Карыздык милдеттенмеси боюнча мөөнөтү өткөн карыз 2023-жылдын 23-апрелинен тартып 2025-жылдын 23-октябрына чейин мурда белгиленген тындыруу мезгилине ылайык бирдей үлүштөр менен телөнөт;

2) 2020-жылдын 3-сентябрындагы №19-04-01/198 Субкредиттик макулдашуу боюнча мөөнөтү өткөн карыз 2023-жылдын 20-майынан тартып 2025-жылдын 20-майына чейин мурда белгиленген тындыруу мезгилине ылайык бирдей үлүштөр менен төлөнөт.

2. Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен мурда түзүлгөн Карыздык милдеттенме жана Субкредиттик макулдашуу боюнча мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Жалал-Абад шаарынын мэриясынын бардык эсептеринен мөөнөтү өткөн карыздын суммасын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 31-б жана 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 144-б буйруктарында каралган негизги сумманы, кошуп эсептелген пайыздарды, туумдарды жана финансылык санкцияларды Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жактыруусуз же макулдугусуз акцептсиз (талашсыз) тартипте алууга укуктуу деп белгиленсин.

3. Жалал-Абад шаарынын мэриясы:

1) Карыздык милдеттенменин жана Субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик кредиттин кайтарылышын камсыз кылсын;

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жактыруусуз же макулдугусуз бардык эсептеринен бюджеттик кредит боюнча мөөнөтү өткөн карыздын суммаларын акцептсиз (талашсыз) алуу укугун берсин.

4. Ушул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жөнөтүлсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
