# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т ("Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемесинин уставын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т ("Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемесинин уставын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 544-р
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18588/edition/1261989/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 544-т ("Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемесинин уставын бекитүү тууралуу) тескемеси (07.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219249

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 7-октябры № 544-т

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын жумушчу катчылыгы" мекемеси "Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемеси деп кайра аталсын.

2. "Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемесинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 258-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:

1) "Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемесин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жол-жобосун жүргүзсүн;

2) бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
