Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы» мекемесинин уставын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 7-октябры № 544-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын жумушчу катчылыгы" мекемеси "Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемеси деп кайра аталсын.
2. "Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемесинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 258-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
1) "Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемесин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жол-жобосун жүргүзсүн;
2) бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 258-б ("Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын жумушчу катчылыгы" мекемесин түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.07.2014 · № 258-р
- "Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы" мекемесинин УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы…Устав · 07.10.2022 · № 544-р
- "Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын жумушчу катчылыгы" мекемесинин УСТАВЫУстав · 11.07.2014 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-июлундагы № 258-б ("Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча ааламдык программанын жумушчу катчылыгы" мекемесин түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.07.2014 · № 258-р