# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 21-октябрындагы № 688 (Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 21-октябрындагы № 688 (Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 688
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18582/edition/1190981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 21-октябрындагы № 688 (Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси (21.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219242

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 21-октябры № 688 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачыктыгын жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобонун 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин жыйналышын өткөрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 22-мартындагы № 139 буйругу;

2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 5-июнундагы № 228 буйругу.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ

Далиев У.Э.

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:

Толумбекова К.С.

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Каракол шаардык башкармалыгынын начальниги;

Кожобаев Р.К.

\-

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);

Жекшен уулу А.

\-

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Кулова М.Э.

\-

Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Шаршеев Р.А.

\-

Түп районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Орозобекова А.К.

\-

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Камалов К.Р.

\-

Каракол шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Чыныбаева Г.А.

\-

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Урмолдоев Д.Б.

\-

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Калмакиев А.Т.

\-

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун "Ак-Суу Арашан" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).
