Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2022-жылдын 21-октябры № 688 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачыктыгын жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобонун 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин жыйналышын өткөрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 22-мартындагы № 139 буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 5-июнундагы № 228 буйругу.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ
Далиев У.Э.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Толумбекова К.С.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Каракол шаардык башкармалыгынын начальниги;
Кожобаев Р.К.
-
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
Жекшен уулу А.
-
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кулова М.Э.
-
Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Шаршеев Р.А.
-
Түп районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Орозобекова А.К.
-
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Камалов К.Р.
-
Каракол шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Чыныбаева Г.А.
-
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Урмолдоев Д.Б.
-
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Калмакиев А.Т.
-
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун "Ак-Суу Арашан" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 22-мартындагы № 139 (Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 22.03.2016 · № 139
- КР Премьер-министринин 2020-жылдын 5-июнундагы № 228 (Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланууну камсыздоо…Распоряжение · 05.06.2020 · № 228
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуПостановление · 27.07.2011 · № 416
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 22-мартындагы № 139 (Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 22.03.2016 · № 139
- КР Премьер-министринин 2020-жылдын 5-июнундагы № 228 (Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланууну камсыздоо…Распоряжение · 05.06.2020 · № 228
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122