Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондун Казакстан Республикасынан жаздык уудайдын үрөнү түрүндөгү расмий гуманитардык жардамды алуучу болууга аныктоо тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 16-майы № 248-т Сорт алмашууну жүргүзүү үчүн республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүмдүү жаздык буудайдын үрөнү менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам иретинде келүүчү Карабалык 20 сортундагы жаздык буудайдын үрөнүнүн максаттуу пайдаланылышын контролдоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду Казакстан Республикасынан 1000 (бир миң) тонна өлчөмүндө жаздык буудайдын үрөнү түрүндөгү расмий гуманитардык жардамды алуучу болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду:
1) Казакстан Республикасынан гуманитардык жардам иретинде келүүчү жаздык буудайдын үрөнүн кабыл алсын жана мамлекеттик резервди жооптуу сактоочу ишканаларга (Кара-Суу шаарындагы "Карасуу-Дан-Азык" ачык акционердик коому, Жалал-Абад шаарындагы "Азрат-Айыб" ачык акционердик коому, Кара-Балта шаарындагы "Дан" мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаарындагы Борбордук база, Балыкчы шаарындагы Түндүк аймактык башкармалык) убактылуу сактоого жайгаштырсын;
2) жаздык буудайдын үрөнүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин разнарядкасынын негизинде алуучуларга берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы № 24-т тескемеси менен бекитилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алууга каралган акча каражаттарынын эсебинен темир жол тарифтерин төлөөнү, жүктү түшүрүү, кампага коюу, сактоо, жүктөө, маневрлөө, вагондорду берүү жана алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында каржылоого 2433500 (эки миллион төрт жүз отуз үч миң беш жүз) сом өлчөмүндө пайдаланылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте:
1) Казакстан Республикасынан келүүчү жаздык буудайдын үрөнүнө өздөрүнүн облустарынын жана райондорунун үрөн чарбаларынан жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн өтүнмөлөрдү кабыл алууну уюштурсун;
2) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жаздык буудайдын үрөнүн көбөйтүү жана пайдалануу программаларын жана квоталарды кароо жана аныктоо үчүн аларды алуучулардын тизмелерин берсин;
3) төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жаздык буудайдын үрөнүн үрөн чарбаларына жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин квотасына ылайык бөлүштүрүүнү;
- бөлүнгөн жаздык буудайдын үрөнүнүн максаттуу пайдаланылышын жана акча каражаттарынын өз убагында кайтарылышын.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түшкөн өтүнмөлөрдү топтоону камсыз кылсын;
2) жаздык буудайдын үрөнүн көбөйтүүнүн облустук программасынын, түшкөн өтүнмөлөрдүн, болгон айдоо аянтынын негизинде квотаны аныктасын жана аны Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жиберсин;
3) жаздык буудайдын үрөнүн алуучулардын тизмесин "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна жиберсин;
4) 1000 (бир миң) тонна өлчөмүндөгү жаздык буудайдын үрөнүнүн бөлүштүрүлүшүн жана тандалып алынышын контролдоону камсыз кылсын;
5) үрөндү кабыл алуу жана сактоо процессинде Кыргыз Республикасынын техникалык шарттарына ылайык үрөндүн сапатын лабораториялык контролдоону жүргүзсүн.
6) баа түзүүнү жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча үрөн чарбалары жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн Казакстан Республикасынан келүүчү элита репродукциясындагы Карабалык 20 сортундагы жаздык буудайдын үрөнүн жеңилдетип берүүнүн баасын белгилесин.
6. "Айыл Банк" ачык акционердик коому төмөнкү шарттарда кредиттик келишимдерди жана күрөө келишимдерин түзсүн:
1) карыз алуучунун мурда берилген кредиттер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугу критерийин жана күрөөлүк мүлктү камсыздоону берүү мүмкүндүгүн жетекчиликке алуу менен;
2) пайыздык ставка - жылдык 4,5 пайыз;
3) төлөмдөрдүн мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн финансылык санкциялар (үстөк айып) жылдык 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет;
4) график боюнча эки же андан ашык жолу төлөө мөөнөтү өтүп кеткен учурда бардык карызды мажбурлап өндүрүү чаралары көрүлөт;
5) берилген үрөн үчүн төлөө эсебине түшкөн каражаттарды республикалык бюджеттин кирешесине которуу.
7. Үрөн чарбалары жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү тарабынан кредитти кайтаруу мөөнөтү 2022-жылдын 15-ноябрына чейин 50 пайызын жана 2023-жылдын 15-ноябрына чейин 50 пайызын төлөө шарты менен эки жылга белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондун вагондор туруп калган учурда айыптык санкциялардан бошотуу менен ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн түшүрүлүүчү гуманитардык жардамдын жүгү менен вагондорду ыкчам берүүнү камсыз кылсын.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы № 24-т (Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алуу үчүн акча каражат бөлүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 25.01.2022 · № 24-р