# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-октябрындагы № 528-т (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-октябрындагы № 528-т (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 528-р
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18578/edition/1189629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-октябрындагы № 528-т (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси (04.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219238

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 4-октябры № 528-т "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
