# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы ПТ № 181 "Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын жаңы модернизацияланган корпусун долбоорлоо жана куруу боюнча аткаруучуларды аныктоо жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы ПТ № 181 "Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын жаңы модернизацияланган корпусун долбоорлоо жана куруу боюнча аткаруучуларды аныктоо жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18573/edition/1189129/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы ПТ № 181 "Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын жаңы модернизацияланган корпусун долбоорлоо жана куруу боюнча аткаруучуларды аныктоо жөнүндө" тескемеси (22.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219232

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 22-сентябры ПТ № 181 Ош мамлекеттик университетинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын жаңы модернизацияланган корпусун долбоорлоо жана куруу боюнча аткаруучуларды аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте даярдасын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров
