Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Саламаттык сактоо системасын реформалоо жана модернизациялоо маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 22-сентябры № 504-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Саламаттык сактоо системасын реформалоо жана модернизациялоо маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен сунушталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
1) айрым багыттарды ишке ашыруу боюнча чакан жумушчу топторду түзүүгө;
2) зарылдыгына жараша иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун адистерин белгиленген тартипте тартууга.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
Саламаттык сактоо системасын реформалоо жана модернизациялоо маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Жапаров А.У.
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Байсалов Э.Ж.
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Бакетаев А.К.
-
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Иманов Т.О.
-
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Базарбаев К.Б.
-
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Баатырова Г.М.
-
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Бакиров Ж.Ж.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
Шакирова Г.А.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
Исаев С.Э.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Камбаралиева Б.А.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Борчубаева Г.Ш.
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Абдувапов А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Алиев Б.Ж.
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
Муканов А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;
Кагаздиев Н.М.
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору;
Кудайбергенова И.О.
-
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор;
Байбулатов Э.М.
-
Кыргызстан эл аралык университетинин Эл аралык медицина мектебинин стратегиялык жана инновациялык өнүктүрүү боюнча проректору, онкохирург, эндовидеохирург, профессор, медицина илимдеринин кандидаты;
Батыралиев Т.А.
-
кардиохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор;
Каратаев М.М.
-
медицина илимдеринин доктору, профессор;
Усупбаев А.Ч.
-
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын урология кафедрасынын башчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 23 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча…Указ · 08.02.2021 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122