# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-октябрындагы № 530-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 39-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-октябрындагы № 530-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 39-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 530-р
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/219223>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18564/edition/1198414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/219223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-октябрындагы № 530-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 39-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (28.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/219223

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 4-октябры № 530-т Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 39-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган тескеме менен бекитилген 2022-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планында:

- 13-пунктунда:

"Коюлган максаттарды аткаруу боюнча иш-чаралар" графасындагы "25,0 миң тоннага чейин", "Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Ысык-Көл облусунун Түп, Ысык-Көл райондорунда жана Талас облусунун Талас шаарында" деген сөздөр тиешелүү түрдө "40,0 миң тоннага чейин", "Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Токтогул, Аксы, Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Баткен облусунун Баткен районунда, Раззаков жана Кызыл-Кыя шаарларында, Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын жана Жумгал райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда, Талас облусунун Манас районунда жана Талас шаарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "облустарында, жана Талас облусунун Талас шаарында" деген сөздөр ", Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Жооптуу аткаруучулар" графасы "Ысык-Көл" деген сөздөн кийин ", Ош, Жалал-Абад, Баткен" деген сөздөр менен толукталсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
